"Форрест Гамп" романынын автору көз жумду

© AP Photo / ANDERS KRUSBERGАмерикалык жазуучу, "Форрест Гамп" китебинин автору Уинстон Грум. Архив
Америкалык жазуучу, Форрест Гамп китебинин автору Уинстон Грум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Форрест Гамп" романы 1986-жылы жазылган. Ага тасма тартылгандан кийин алты ирет "Оскар" алган. Китепте акыл-эсинен артта калган адамдын өзүнүн жашоосу тууралуу айтып бергени жазылган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Америкалык жазуучу, "Форрест Гамп" китебинин автору Уинстон Грум 77 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Алабама штатындагы Фэрхоп шаарынын мэри Кэрин Уилсон өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Биздин досубуз Уинстон Грум бул дүйнө менен кош айтышты. Фэрхоп шаары бүгүн легендарлуу авторун жоготту", — деди мэр.

"Форрест Гамп" романы 1986-жылы жазылган. Ага тасма тартылгандан кийин алты ирет "Оскар" алган. Китепте акыл-эсинен артта калган адамдын өзүнүн жашоосу тууралуу айтып бергени жазылган. 1995-жылы Грум "Гамп жана компания" деген китептин уландысын жазган. Бирок ага дагы тасма тартуу аракетинен майнап чыккан эмес. Грум Форрест Гамп жөнүндөгү романдарынан сырткары, нон-фикшн жанрындагы бир нече чыгармаларын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0