Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСтроительство девятиэтажного дома для ипотечной программы в Оше
Строительство девятиэтажного дома для ипотечной программы в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Достук" кичи районунда жайгашчу үйдүн курулушун калаанын муниципалдык ипотекалык ишканасы жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ош шаарында бардык шарттары каралган тогуз кабаттуу заманбап үйдүн пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Долбоордун өзгөчөлүгү — андагы батирлер тургундарга муниципалдык ипотекалык программа аркылуу сатылат. 

© Фото / Зульфия Тургунова"Достук" кичи районунда жайгашчу үйдүн курулушун калаанын муниципалдык ипотекалык ишканасы жүргүзүп жатат
Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз - Sputnik Кыргызстан
"Достук" кичи районунда жайгашчу үйдүн курулушун калаанын муниципалдык ипотекалык ишканасы жүргүзүп жатат

"Достук" кичи районунда жайгашчу үйдүн курулушун калаанын муниципалдык ипотекалык ишканасы жүргүзүп жатат. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында бардык шарттары каралган тогуз кабаттуу заманбап үйдүн пайдубалына капсула салынды
Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында бардык шарттары каралган тогуз кабаттуу заманбап үйдүн пайдубалына капсула салынды

Бул Оштогу аталгандай негизде салынып жаткан экинчи турак жай. Биринчиси Курманжан датка көчөсүндө курулууда. Анда бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлер бар.

МИКтин башчысы ипотекага инвестор табуу үчүн элчилерден жардам сурады

Капсула салуу иш-чарасына шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов катышып, үйдө заман талабына жооп берген бардык шарттар болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0