Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалар иштей баштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСпециализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке
Специализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык бала бакчалардын бир тайпасында 30 бала болгондуктан жана медиктердин жетишсиздигинен улам уруксат бериле элек.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык абал турукташа баштаганына байланыштуу жеке менчик бала бакчалар ачылып иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык ыкчам штаб калаадагы 15 жеке бала бакчанын ишин жандантууга уруксат берген. Ошону менен катар санитардык эрежелерди так сактоо талабы коюлган.

Кыргызстанда жакынкы күндөрү бала бакчаларды ачуу каралып жатат

"Ар бир тайпада 12 баладан ашпоого тийиш. Кире бериштен баланын дене табы өлчөнүп, колуна антисептик чачылып, бет кап менен кабыл алынат. Ар бир бала бакчага медайымдар тартылып, балдардын ден соолугун такай көзөмөлдөп турушат. Тамактануу бөлмөлөрү, идиш-аяктар күндө хлор менен жуулат. Эшиктин туткаларына хлорлонгон кебезди байлап, спирт кошулмасы бар каражаттарды бат-баттан чачып турушат. Оюнчуктары күндө жуулуп, антисептик менен тазаланат. Керебеттер дагы бир метр аралыкта жайгашат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия муниципалдык бала бакчаларда дагы жогорудагыдай талаптар түзүлгөнүн белгиледи. Бирок бир тайпада 30 бала болгондуктан жана медиктердин жетишсиздигинен улам аларга уруксат бериле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0