Кайненем көңүлдөшүн мага шылтап... Күйөөсүнүн ишениминен чыккан келиндин каты

© Фото / Public domainКолун кармап турган келин. Архив
Колун кармап турган келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет кайненесинин калпынан улам күйөөсүнүн ишениминен чыгып, үй-бүлөсүз калган келиндин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Сырттан караган кишиге менин акыркы жарым жыл ичиндеги жашоом кино сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бир жыл мурда тумушка чыккам. Жолдошум жакшы үй-бүлөнүн уулу, иши кылып, жашоом өзүмө жомоктогудай сезилчү. Кайненем менен кайнатам дагы башында абдан ынтымактуу, гармонияда жашаган жубайлардай көрүндү. Кайненем болгону 45 жашта, өзүн жакшы караган сымбаттуу аял. Акырындык менен айлар өтүп, көбүрөөк туугандар менен тааныша баштадым. Ошол күндөрү эмнегедир биздин апабызды туугандардын көбү жактырбасын байкадым. Жадагалса кайнатамдын бир туугандары аны жек көрүшөт экен.

Себебин билгим келип, бирок сурар кишим болгон жок. Жолдошумдан сурайын дейм, оозум барбайт. Бир күнү алысыраак кайнагамдын үйүнө конокко барып, ашканада иш кылып жүрүп билгим келген нерсенин баарын уктум. Көрсө кайненем балдары кичине кезинде башка эркек менен кетип калып, бир нече жылдан кийин кайра келген экен. Абысындарынын сүйлөшүп жатканынан байкасам, бир топ эле жеңил ойлуу аялдай көрүндү. Башында чындап эле шок абалында болдум, бир жумадай ошол нерсе оюмдан кетпей койду. Же эч кимден чын-бышыгын тактай албайм, анткени үйдө бул тема баарына жагымсыз экени айтпаса деле түшүнүктүү да. Акырындык менен бул ойго деле көнүп, жашоо өз нугунда кете берди.

Үй-бүлөдөн да, там-таштан да жок сызга отуруп калдым. Мигрант күйөөнүн көйгөйү

Бир күнү курбу кызымдын туулган күнүнө барып, көпкө кармалып калдым. Жолдошум командировкада болгондуктан, үйгө такси чакырып кетүүгө туура келди. Жете бергенде карасам, биздин дарбазанын алдында бейтааныш автоунаа токтоп турат. Үйгө бирөөлөр келген го деген ойдо шаша-буша эшикти ачып жатсам бирөө Айка деп атыман чакырып калды. Карасам кайненем жанагы машинадан түшүп келе жатыптыр. Жаныма келе бергенде ичимдиктин жыты бур дей түштү. “Сен дагы эми келдиңби?” деп жылмая карады дагы экөөбүз үйгө кирдик. Бөлмөмө жаңы киргенде ары жактан кыйкырыктар башталды. Сөздөр даана угулбаса дагы “мен такси менен келдим, курбуларым менен отурдум, ишенбесең Айжамалга чал” деп кайненем айтканын кулагым чалды.

Жүрөгүм жамандыкты сезгендей шуу дей түштү. Такси менен мен келдим да, эмнеге кайненем алдап койду деген ой кетти. Эртеси таң атпай ашканада жүрсөм, кайнатам кирди дагы “Эркин келгиче алчуңду алгын дагы, чыгып кет үйдөн!” десе болобу. Үстүмө муздак суу куюп ийгендей селейип туруп калдым. Же эмне деп айтарымды билбей, ыйлап гана туруп бергенден башка эч нерсе кыла алган жокмун.

Көрсө кайнатам кечиндеги бейтааныш машина биздин үйдүн жанында жарым саттай турганын билген экен. Кайненем болсо курбулары менен отуруп, такси менен келсе, тиги автодон мен чыкканымды айтыптыр. Кайнатам бул тууралуу жолдошума кабарлап, эчак аны тетири бурап коюуга дагы жетишиптир.

Келинимдин жүдөөлүгү көкөйгө тийди. Айласы куруган кайнененин каты

Кыскасы, ошентип мени үйдөн кууп чыгышты. Төркүндөрүмө бетиме көө жаап, жеңил ойлуу аял катары көрсөтүштү. Албетте, апам менен атам мага ишенип, мен тарапта болушту, бирок жолдошум ишенбегенден кийин эмне кылмак элем? Ата-энемдин үйүнө келгенден эки жума өткөн соң кош бойлуу экенимди билдим. Балким, бул кабар жибитип, кепке-сөзгө келтирер бекен деп сүйүнчүлөсөм, жолдошумдун оозунан “кимден боюңа бүткөнүн кайдан билем” дегенден башка сөз чыккан жок.

Ошондон бери төрт ай өттү. Уйкум качып, катуу стресске түшкөндүктөн, бир ирет боюман түшүп кала жаздап, ооруканага жатып чыктым. Атам менен апам көзүмдүн кареги менен айланып, кичине дагы убакытка жалгыз калтырышпайт.

Балада күнөө жок, өзүбүз багабыз деп кадимкидей небере күтүп атышат. Алаксышың керек деп апамдын курбусунун дүкөнүнө жумушка киргизип коюшту. Курсагым чыга баштагандан бери кичине болсо дагы өзүмө келип, баламды ойлоно баштадым. Бирок жолдошумдун мени менен бир ооз сүйлөшпөй туруп, буга чейинки жашообуздун бардыгын жокко чыгарып салганына такыр түшүнбөй турам. Өзү жогорку билимдүү киши, бир эле ата-энесинин айтканы менен мени жашоосунан чийип салабы? Ушинтип эле кайненемдин калпынын айынан садага чабылып кетемби? Кантип адилеттүүлүккө жетем? Кантип бетиме жабылган көөнү кетирем? Кеңеш бериңиздерчи?

Психолог Перизат Калмаматова:

— Урматтуу автор, ата-энем мага ишенет, мени колдойт дедиңиз. Экинчиден, курсагым чоңойо баштагандан бери өзүмө келип калдым деп жатасыз. Сиз кабылган оор кырдаалда бул эки нерсе абдан маанилүү. Демек, мындан ары жакшы жашап кеткенге түрткү, себеп, тирек бар.

Эмнеге жубайлар тез ажырашып кетишет. Психологдун жообу

Ал эми жаңы үй-бүлөңүз жана анда болгон окуя тууралуу айтсак, бул жерде психолог сизге эмес, дал ошол адамдарга керек экен. Сиздин айтканыңызга караганда, кайненеңиз жеңил ойлуу адам, муну жолдошу жана балдары билет. Качандыр бир учурда анын азабын тартышкан. Күйөөңүз энесинин айынан бала кезинен аял жолдошун алдайт, көзүнө чөп салат деген түшүнүк менен чоңойгон. Ал азыр бир гана сизге эмес, бүтүндөй тагдырына таарынып жаткандай.

Мындай учурда эки тараптан тең аракет болбосо, бир нерсени өзгөртүү кыйын. Андыктан жолдошуңузга убакыт бериңиз. Бактыга жараша, азыр сиздин жаныңызда жакын адамдарыңыз бар экен. Андан көрө бала, ден соолук тууралуу көбүрөөк ойлоно туруңуз. Бирөөгө ак экениңизди далилдөө аракети ого бетер энергияңызды алып, абалды оорлотушу гана мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0