Шайлоочулардын тизмесинен өзүңдү такта, бүгүн акыркы күн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүШайлоочулардын тизмесин карап жаткан жарандар. Архив
Шайлоочулардын тизмесин карап жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар өздөрүнүн конституциялык укугун толугу менен пайдалануусу үчүн шайлоо участкалары бүгүн 20.00гө чейин иштемей болду. Өлкөнүн сыртында иштеген шайлоо комиссиялары жергиликтүү убакыт менен саат 21.00гө чейин каалоочуларды кабыл алат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-сентябрда, шайлоочулардын тизмеден өзүн тактап жана дарегин алмаштыргандыгы тууралуу маалымат берүүсү үчүн акыркы күн экенин эске салат.

Андыктан жарандар өздөрүнүн конституциялык укугун толугу менен пайдалануусу үчүн шайлоо участкалары бүгүн 20.00гө чейин иштемей болду. Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиялары жергиликтүү убакыт менен саат 21.00гө чейин каалоочуларды кабыл алат.

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

Белгилей кетсек, “КР президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ар бир шайлоочу алдын ала тизмеден маалыматты тактап алышы керек. Тизмеден өзүн таппай калган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0