Шайлоо участкаларында идентификациялоо системасы жакшы иштебей жатат. БШКнын жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече саат мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-сентябрда, шайлоочулардын тизмеден өзүн тактап жана дарегин алмаштыргандыгы тууралуу маалымат берүүсү үчүн акыркы күн экенин эскерткен.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Шайлоочуларды идентификациялоо системасында мүчүлүштүктөр болуп жатат. Аталган система жарандын шайлоо участогун алмаштырууга мүмкүндүк берет.

Бир нече саат мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-сентябрда, шайлоочулардын тизмеден өзүн тактап жана дарегин алмаштыргандыгы тууралуу маалымат берүүсү үчүн акыркы күн экенин эскерткен. Андыктан бүгүн шайлоо участкалары саат 20.00гө чейин иштемекчи.

Көп өтпөй Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар кайрылып, аталган система иштебей жатканын айтышкан. Мисалы, Бишкектеги №53 мектепте орун алган 1334-участокко катталгысы келген жаран системанын иштебей жатканын көргөн. Ошондой эле участоктогулар бүгүн адаттагыдай саат 17.00гө чейин гана кайрылууларды кабыл аларын айтышкан.

Башкы прокуратура: массалык түрдө дарек алмаштыруу боюнча 21 кылмыш иши козголду

Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өзүнүн Facebook баракчасына “Идентификациялоо системасы эки күндөн бери жакшы иштебей, эл кезекке туруп калганын” жазды. Редакциянын кабарчысы аны менен байланышканда, мындай көйгөй борбор калаада гана эмес, аймактарда дагы байкалып жатканын тастыктады. Абдрахматова божомолдогондой, буга техникалык жана адамдык факторлор дагы себеп болушу ыктымал.

Ошондой эле ал көйгөй болуп жаткан участоктордон видео тартып, жарыялоого чакырды.

Мындан соң редакция БШКнын маалымат кызматына кайрылганда, ал жактан бул суроо Бишкек аймактык комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматовго берилиши керектигин айтышты, бирок ага байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0