Бишкектеги скверде пианиону сындыргандар жеринен кармалды. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүKoktebel Jazz Party 2017
Koktebel Jazz Party 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр ордо калаанын чок ортосуна музыкалык аспап орнотулган болчу. Ага каалаган адам барып ойногонго уруксат берилген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектин борборундагы Театралдык скверинде пианинону сындырып кетишкенин "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы билдирди.

Пианино былтыр Шопоков көчөсүндөгү сейил бакка орнотулуп, шаардыктарга ойногонго уруксат берилген. Кышкысын болсо аспапты өсүмдүктөрдүн күнөсканасына алып кетишет.

Мэриянын айып пулунан кийин министрлик паркты иретке келтирди. Сүрөт

"Музыкалык аспапта биздин кесиптештер, жаңы үйлөнгөндөр, студенттер, деги эле сейил бакка келгендин баары ойношту", — деп айтылат маалыматта.

Пианинону сындыргандар ошол эле жерден кармалып, жаңы аспап сатып берүүнү убадалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0