ИИМ кызматкерлери. Архив

Үгүт учурундагы мушташтын айынан Араван РИИБдин башчысы иштен алынды

349
(жаңыланган 10:53 21.09.2020)
Райондук милициянын жетекчисине жана кызматкерлерине өз милдетин аткарууда кемчилик кетирген деген кине коюлган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шайлоонун үгүт ишинде массалык мушташтын чыгышына жол берген Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Сактан Исмаилов кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Араван районунун Юсупов айыл аймагында кечээ, 20-сентябрда, үгүт ишине чогулган 100дөй адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып оорукана түшкөн. Ал эми 10 жаран кармалып сурак берип жатат. Чыр эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыкканы айтылууда.

Боронов Аравандагы эки партиянын жаңжалын тез арада иликтөөнү тапшырды

Райондук милициянын кызмат адамдарына өз милдетин аткарууда кемчилик кетирген деген кине коюлганы белгилүү болду.

"Үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчылык кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга Ички иштер министрлиги мыйзамдын негизинде катуу чара көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт. Кимде-ким башаламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коомдук тартипти камсыздоо үчүн партиялар эл менен жолугушуулардын графигин алдын ала ИИМге маалымдап турууну белгилеген.

349
Белгилер:
ИИМ, Жаңжал, үгүт, иликтөө, шайлоо, Араван району, Ош облусу
Тема:
Шайлоо-2020 (252)
Тема боюнча
Араванда үгүт учурунда мушташтан 12 адам ооруканага түшүп, 10у сурак берүүдө
Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

50
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

50
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

140
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

140
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

18
(жаңыланган 23:33 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби каралган.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

18
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды