Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева
 Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутатка кагаз түрүндө расмий чакыруу келе элек, өткөн жумада тергөөчү телефон аркылуу чалып чакырган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана учурдагы эл өкүлү Эльвира Сурабалдиеваны Аскер прокуратурасы суракка чакырды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстандын кабарчысына депутат өзү тасыктады.

Ал суроого жооп берип жатып ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары чакырылып жатканын айтты.

"Өткөн бейшемби күнү, 17-сентябрда, Аскер прокуратурасынан телефон чалып жума күнкүгө чакырды. Тергөөчү Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары сураларымды айтты. Мен ал убакта алыскы региондордо үгүт иштери менен жүргөн болчумун. Бизде азыр баары алдын ала пландалып, ар бир мүнөтүбүз графикке коюлган. Андыктан мен эртеси эле дароо келе алган жокмун. Бирок кагаз түрүндө расмий чакыруу жиберген жок. Телефон аркылуу гана айтышкан", — деди Сурабалдиева.

Курсан Асановдун иши

Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды

Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда далил болчу буюмдарды жана маанилүү документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырган деп айыпталууда. Мындан сырткары, министрге баш ийбей, өз алдынча чечим кабыл алган, атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындаган деген күнөө коюлган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Асанов жана анын өкүл баласы, "Чындык" гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду каралаган деген айып таккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0