Кара-Кече кенинде иштеген экскаватор. Архивдик сүрөт

Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды

139
(жаңыланган 11:58 21.09.2020)
Көмүр ташыган транспорттун негизги агымы Ак-Талаанын Молдо ашуусу аркылуу Куртка — Соң-Көл жолу менен өтүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кара-Кечедеги жер көчкү түшкөн аймактын эки жагы тазаланып, 3 300 метрлик жол салынды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган убактылуу жол тоонун жантайыңкы жеринен аскалуу жана масса түшкөн жерден өтөт. Туурасы төрт метр.

Кара-Кечеде таш токтобой кулап жатат. Өкмөт өкүлдөрү жерине чыгып кетти

Учурда Кара-Кечеден Дыйкан айылын көздөй оор салмактагы бульдозер жолду таптап жатат. Ал эми аталган айыл жактан төрт экскаватор эки жерде иштөөдө. Техника жана жумушчулардын эки нөөмөт менен иш алып барып жатканы айтылды.

"Элди көмүр менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпаш үчүн тиешелүү автоунаалар аталган жол менен каттап жатат. Көмүр ташыган транспорттун негизги агымы (90 пайызы) Ак-Талаанын Молдо ашуусу аркылуу Куртка — Соң-Көл жолу менен өтүүдө. Ал эми Калмак-Ашуу аркылуу Кочкор районуна Сары-Булак – Соң-Көл жолу менен да ташылууда", -— деп айтылган маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Тоодон кулаган таш менен топурак Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тосуп калган.

139
Белгилер:
Жер көчкү, көмүр кени, Кара-Кече, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Таш кулаган. Кара-Кечеге барчу убактылуу жол салынып, көмүр жүктөлүүдө
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
Кара-Кечеде таш токтобой кулап жатат. Өкмөт өкүлдөрү жерине чыгып кетти
Ооруканадагы койкалар. Архив

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

21
(жаңыланган 11:05 29.10.2020)
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

21
Белгилер:
бейтап, стационар, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

58
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

58
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
Жогорку соттун имараты. Архив

Парламенттик шайлоо: Жогорку сот БШКнын даттануусун карабай койду

0
(жаңыланган 11:52 29.10.2020)
Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салгандан кийин комиссия Жогорку сотко кайрылган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүн жокко чыгаруу боюнча даттануусун караган жок. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул эместигин билдирген БШКнын кассациялык арызы 28-октябрда түшкөн. Бүгүн Жогорку сот мамлекеттик пошлина (товардан алынуучу салык) төлөнгөнү туурасында далилдер жок болгондуктан доо арызды кайра кайтарган. Азырынча БШКнын юристтери кайрадан датанаар-даттанбасы тууралуу маалымат жок.

Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Андан соң Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салган. Судья комиссия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп кайра өткөрүүнү дайындаган деген жүйө келтирген. Бирок БШКнын юристтери ал чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылышкан.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясына 48 саясий партия шайлоого катышуу ниетин билдирди.

0
Белгилер:
соттук чечим, шайлоо, БШК
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Кыргызстанда беш партия биригип бийликке 6 талап койду
549 млн. сом. БШК президенттик шайлоого кетчү чыгымдын сметасын бекитти
Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты