Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолеты в аэропорту "Шереметьево"
Самолеты в аэропорту Шереметьево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь мамлекеттери менен аба каттамын жандантты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек каттамы үчүн билет сата баштады. Учактын рейси 23-сентябрга белгиленген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, буга чейин Россиянын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жандантуу чечимин кабыл алган

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каттамдар жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турарын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0