Мамлекеттик тарых музейинин айланасындагы тосмо

Иштебеген Тарых музейинин айланасына тосмо эмне үчүн коюлган? Расмий жооп

(жаңыланган 14:18 21.09.2020)
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары музейдин айланасына эмне себептен тосмо коюлганына кызыгып, нааразы болгон пикирлерин жазышкан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинин айланасындагы тосмо 2018-жылдын август айында эле орнотулган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары музейдин айланасына эмне себептен тосмо коюлганына кызыгып, нааразы болгон пикирлерин жазышкан. Айрымдар кимден коргонуш үчүн бул тосмолор коюлганын да сурашкан.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, хромдолгон металл музейдин баш жагындагы эки капталына эки жыл мурда орнотулган.

  • Вид на фасад Государственного исторического музея в Бишкеке
    Мамлекеттик тарых музейинин айланасындагы тосмо 2018-жылдын август айында эле орнотулган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ограждение установленное у Исторического музея в Бишкеке
    Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары музейдин айланасына эмне себептен тосмо коюлганына кызыгып, нааразы болгон пикирлерин жазышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик тарых музейинин айланасындагы тосмо 2018-жылдын август айында эле орнотулган.
"Бул тосмолор музейди реконструкциялоонун биринчи этабында эле коюлган. Анын бийиктиги 3 метр. Музедин айланасы элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында тосулган", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштери 2016-жылы 25-мартта башталган. Музей оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен азыркы күнгө чейин ачыла элек.

Белгилер:
жооп, тосмо, Тарых музейи, Кыргызстан
Тема боюнча
Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

Абанын температурасы жогорулаганына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Абхазиянын номери тагылган унаа. Архив

Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн

(жаңыланган 20:04 13.04.2021)
Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү ЕАЭБдин бажы нормалары боюнча мыйзамдарын бузууга жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.

Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, мыйзам бузуулар, унаа, Абхазия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат