Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүү учурунда

Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты

6374
(жаңыланган 17:33 21.09.2020)
Өлкөдө акыркы суткаларда вирус жуктуруп алгандардын саны аз-маз көбөйүп бара жатканы байкалууда. Өзгөчө Баткен облусунда абал жакшы эмес.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо начарлай түшкөнүнө тынчсызданууда. Бул тууралуу мамлекет башчы 21-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жатып айтты.

Мындан тышкары, эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, пандемия шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды.

Боронов Ош облусунун Араван районундагы үгүт иштери жүрүп жаткан маалда чыккан массалык мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи. Боронов коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кыла албагандыгы үчүн Араван ИИБинин башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгын кошумчалады.

Жээнбеков өкмөттүн көз карашын колдоого алды. Келечекте мындай окуяларга жол бербөө максатында жогорудагыдай жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин баса белгиледи.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

Ошондой эле Жээнбеков ишкерлерге насыя берүүдө көзөмөлдү күчөтүү маселесин козгоду. Ал эми өкмөт башчы аймактардагы ишкерлерди колдоо жана бизнесмендерге жеңилдетилген насыяларды берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Сөзүнүн аягында президент санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо начарлай түшкөнүн баса белгилеп, бир катар чет өлкөлөрдө коронавирусту жаңы жуктургандардын саны өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

"Бир катар чет өлкөлөрдө коронавирусту жаңы жуктургандардын саны өсүп жатканы мени тынчсыздандырууда. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек", — деди президент.

Балдар арасындагы COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиди

Өкмөт башчы өз кезегинде тиешелүү органдарга коомдук жайларда бет кап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелердин аткарылышын колго алууну тапшырды.

6374
Белгилер:
эреже, карантин, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2342)
Тема боюнча
Жашырынып тойлогон "генийлер" жана акылга сыйгыс ушактар. Пандемиядан алган сабак
Баткенде жуктургандар көп болууда. Коронавирус боюнча соңку статистика
Оорукана. Архив

Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды

12
(жаңыланган 19:13 29.10.2020)
Айгерчинова азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаары жарыксыз калганда оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган жок. Бирок кычкылтек концентраторунда жаткан бейтаптар бир аз тынчсызданды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, ордо калаада бүгүн, 29-октябрда, болжол менен саат 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп, кийинчерээк күйгөн.

"Электр жарыгы көп убакытка өчкөн жок. Мындан улам оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган эмес. Анын үстүнө ар бир ооруканадагы реанимациялык блок генераторго туташтырылган. Алар жарык өчкөндө автоматтык түрдө иштейт. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар генератордун жардамы менен үзгүлтүксүз иштеп турду. Ал эми кычкылтек концентраторуна туташкан бейтаптар бир аз дүрбөлөңгө түштү. Анткени генератор палаталарга кошулган эмес. Алар болсо палаталарда жатышат", — деди Айгерчинова. 

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Ал азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

12
Белгилер:
бейтап, Төрөт үйү, оорукана, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

44
(жаңыланган 18:17 29.10.2020)
Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган. Тараптар дал ушул маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча сүйлөшкөн.

"Кыргыз тарап өлкөдөгү медициналык окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу маселесин чечүү жолдору боюнча Пакистандын КРдеги элчилигине расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап бул маселенин тез арада чечилишине жана КРде билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө кызыкдар экенин билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Министр Бейшеналиев мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдорго эл аралык аккредитациялардан өтүү, чет элдик жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык, лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар талаптар коюла турганын айтты.

Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып.

Мындан сырткары, жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланган.

44
Белгилер:
окуу жай, жолугушуу, элчи, министр, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби