Ала качуу фактысын көрсөңөр чалгыла! ИИМдин кайрылуусу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКараңгы бөлмөдө жоолукчан кыз ыйлап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Караңгы бөлмөдө жоолукчан кыз ыйлап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик Кылмыш кодексинде кыз ала качып, никеге турууга мажбурлагандарды жазалай турчу беренелер бар экенин эскертти.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыз ала качкан жана никеге мажбурлап тургузган учурларга күбө болгондорго кайрылып, мындай фактыларды жашырбай чалып айтууну өтүндү.

Министрликтин маалымат кызматы кыз ала качууга бир дагы адам кайдыгер мамиле жасабаш керектигин айткан.

"Биз мындай кылмыш иштеринин болушуна жол берүүгө укугубуз жок. Баарыбыз чогулуп кырдаалдан чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз зарыл", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик эгер ушундай фактылар катталса, "102" номерине чалып коюну өтүнүп, ата-энелерди "балдарынын тагдырын талкалабоого" чакырды.

ИИМ эскерткен кылмыштар жана алардын жазалары:

  • КР Кылмыш кодексинин 175-беренеси "Адамдын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо" — 10 жылга эркинен ажырайт;
  • КР Кылмыш кодексинин 176-беренеси "Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо" — 5 жылга эркинен ажырайт;
  • КР Кылмыш кодексинин 177-беренеси "Адамды никеге турууга мажбурлоо" — 2,5 жылга эркинен ажырайт;
  • КР Кылмыш кодексинин 177-беренеси "Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу" — 5 жылга эркинен ажырайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0