БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Күз — бул жетекчиликке кайрылып, айлыкты көтөртүп алуу үчүн эң ыңгайлуу учур. Себебин Sputnik радиосуна компаниялардын заказы менен адис тандап берүү менен алектенген ProPersonne ишканасынын директору Татьяна Долякова билдирди.
Адистин айтымында, адатта көпчүлүк ишканалар күз айларында келерки жылдын бюджетин пландашат. Бюджетте кызматкерлердин айлыгы эң чоң бөлүк болуп эсептелгендиктен, аны азайтуу жана көбөйтүү чечими дал ошол учурда кабыл алынат.
"Кызматкер мындай өтүнүч менен жетекчиликке кайрылардан мурда жакшылап даярдануусу керек. Анткени кошумча акча суроо үчүн олуттуу аргумент керек. Мисалы, батирдин ижара акысы жогорулап кетти деген сыяктуу жүйө жетекчини ынандырбашы мүмкүн. Андан көрө буга чейин кылган иштериңиз компанияга кандай пайда алып келгенин белгилеп, азыркы милдеттердин үстүнө кошумча жумуш алууга даяр экениңизди айтыңыз", — деди Долякова.
Мындан тышкары, адис айлыкты жогорулатуу үчүн жумуш берүүчүнү коркутуу жакшылыкка алып келбесин эскертет.
Ээн-эркин чүчкүрө албай... COVID кызматтык этикетти өзгөрттү
"Айрым адамдар айлыгын көтөртүү үчүн туура эмес ыкмаларды колдонушат. Алгач бөлөк жумуш издеп таап алып, анан гана башка жакта жакшы айлык сунушталып жатканын айтып, кетип калам деп кекетет. Албетте, мындай учурда ишти үзгүлтүккө учураткысы келбеген жетекчи анын шартын кабыл алып, айлыгын көтөрүп бериши мүмкүн. Бирок бул кызматкер биринчи мүмкүнчүлүк пайда болору менен жумуштан кетирилери айтпаса дагы белгилүү", — деди директор.
Андыктан адис ар дайым жетекчилик менен ачык-айкын сүйлөшүп, жагымсыз ыкмаларды пайдаланбоону сунуштайт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.