Баткен менен Ошто көп. Акыркы суткадагы коронавирустун статистикасы

© AP Photo / Matias DelacroixМедицина кызматкерлери COVID-19 үлгүсүн алууга даярданууда. Архив
Медицина кызматкерлери COVID-19 үлгүсүн алууга даярданууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жугуштуу ооруга 45 миңден ашык адам кабылып, анын дээрлик көбү айыкты. Тилекке каршы, миңден ашуун киши дартка туруштук бере алган жок.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 114 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 71 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Чыналиева: эми деле адамдар коронавируска массалык түрдө чалдыгышы мүмкүн

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек — 23;
  • Ош шаары — 14;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 21;
  • Нарын облусу — 2;
  • Талас облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 18;
  • Баткен облусу — 14.

Ал эми илдетти илештиргендер төмөнкү жактарда болду:

  • Бишкек — 4;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ош облусу — 17;
  • Талас облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Жалал-Абад облусу — 13;
  • Баткен облусу — 20.

Ошондой эле стационарларда 545 бейтап медициналык жардам алып жатат. Ал эми 1791 киши үйүнөн дарыланууда.

Кыргызстанда жалпысынан жугуштуу илдет 45 542 адамдан табылып, анын 41 796сы айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0