Жалал-Абадда тойкана ээлерине салынчу айып 60 миң сомго чейин жогорулады

Жазылуу
Тойкана ээлери чектөөлөргө каршылыгын билдирип, алардын иштеши менен жумуш орду камсыздалып, салыктар төлөнүп жатканын белгилешкен.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын вице-мэри Нуртилек Орозбаев калаадагы 20дан ашуун кафе-ресторандын ээлери менен жолугуп, 50дөн көп адам чогултуп той өткөрүүгө уруксат жок экенин эскертти. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бирок мындай чектөөлөргө көпчүлүк тойкана ээлери каршылыгын билдирип, алардын иштеши менен жумуш орду камсыздалып, салыктар төлөнүп жатканын белгилешкен.

"Жергиликтүү бийлик жана шаардык Ооруулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери калк арасында илдетти жуктургандардын аягы тыйыла электигин эскертти. Эл массалык түрдө чогултуп, бир имараттын ичинде төрт-беш сааттан кармалуусу оорунун жайылуу коркунучун жогорулатарын маалымдашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле буга чейин санитардык талаптарды аткарбагандарга 3000 сом айып пул салынса, мындан ары Республикалык штабдын чечими менен Жоруктар жөнүндө мыйзамга ылайык, укук коргоо органдары тарабынан 40 миңден 60 миң сомго чейин айыпка жыгылары айтылган.

Санитардык норманы сактабаган кафе-ресторандарга эми кылмыш иши козголот

Башка аймактарга салыштырмалуу Жалал-Абадда коронавирустун жаңы учурлары көбүрөөк катталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0