Бишкекке жаңы светофорлор орнотулат. Даректери

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЗамена светофора в Мытищах
Замена светофора в Мытищах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Светофорлор орнотула турган жол кесилиштери комиссия аркылуу тандалды. Мында шаардыктардын дагы ою эске алынган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгы сегиз жерге светофор орнотуу үчүн тендер жарыялады.

Муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жаңы жол чырактарга 4 миллион 874 миң 765 сом каралган. Тендердин жеңүүчүсү 28-сентябрда аныкталат.

Светофорлор коюла турган кесилиштер:

  • Профсоюз менен Мессарошанын кесилиши;
  • Профсоюз менен Кайназарова;
  • Дэн Сяопин менен Кустанай;
  • Алтымышев менен Асаналиев;
  • Токтогул менен Гоголь;
  • Токтогул менен Шопоков;
  • Жукеев-Пудовкин менен Саманчин;
  • Юнусалиев көчөсүндөгү жөө адамдар өтө турган чийинге орнотулат ("Мега ситинин" маңдайы).

Светофорлор орнотула турган жол кесилиштери комиссия аркылуу тандалды. Мында шаардыктардын дагы ою эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0