22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРабота аэропорта Домодедово
Работа аэропорта Домодедово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Россиядан Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек Россиядан аба каттамдарына билет эң көп сатылган 10 шаардын катарына кирди. Бул тууралуу саякат боюнча жазган Туту.ру сайты кабарлап, октябрь айындагы билет баалары жөнүндө маалымат берди.

"Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанга билет алгандардын саны кескин өстү. Тагыраагы, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда", — деп айтылат кабарда.

Октябрь айына Москвадан Бишкекке бир билеттин баасы орто эсеп менен 22 миң рублга сатылууда. Октябрь аяктап калганда гана бир аз арзаныраак билет табууга болот. Мисалы, россиялык авиакомпаниялардын бири бир тарапка 13 миң рублга жетип алууну сунуштайт. Бирок Ростов-на-Дону шаары аркылуу келип, ал жерден башка учакка отурууга туура келет.

Өзбекстан 1-октябрдан тарта чек арасын толук ачат

Белгилей кетсек, бул баалар былтыркы жылга салыштырмалуу кымбат. Тагыраагы, пандемияга чейин Москва — Бишкек багыты боюнча бир билет орто эсеп менен 10 миң сомдун тегерегинде сатылчу.

Эске салсак, россиялык "Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек туруктуу каттамы үчүн билет сата баштаганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0