БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандык адистер кулагы начар уккан балдар үчүн иштеп чыккан мобилдик тиркемелер ата-энелерге сунушталды. Бул тууралуу долбоорду демилгелеген "Технолэнд" коомдук фондунан билдиришти.
Ушул жылдын апрель айында БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы пандемиянын кесепеттерин жеңүү максатында жаңы инновациялар боюнча сынак жарыялаган. Анда жеңүүчүлөрдүн бири деп "Технолэнд" коомдук фонду жана №87 атайын билим берүү мекемеси демилгелеген "Угуусу начар балдарга санариптик билим берүү" долбоору табылган.
Учурда аталган команда угуусу жагынан майып балдар үчүн "Язык жестов-Арифметика", "Язык жестов-Мой мир", "Язык жестов-Моя семья" тиркемелерин иштеп чыгып, Google Play Market платформасына жүктөдү.
"Кыргызстанда угуусу начар балдарга санариптик билим берүү боюнча окуу материалдары жетишсиз. Өзгөчө пандемияга байланыштуу карантин учурунда интернетте акысыз мындай материалдардын жетишсиздиги билинди. Мындан улам тиркемелер майып балдардын ата-энелерине, атайын билим берүү жайларынын окутуучуларына көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Уюштуруучулар аталган долбоор Кыргызстандагы билим берүү тармагын санариптештирүүгө ири салым кошоруна ишеним артууда.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.