Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүUzbekistan Airways авиакомпаниясынын учагы. Архив
Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек жана Ташкент шаарларынын ортосундагы туруктуу каттам жумасына бир ирет болуп 14-сентябрдан тарта жанданган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Uzbekistan Airways авиакомпаниясы 1-октябрдан тарта Бишкекке аба каттамдарды жумасына эки жолу учкудай кылып көбөйтөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Бишкек жана Ташкент шаарларынын ортосундагы туруктуу каттам жумасына бир ирет болуп 14-сентябрдан тарта жанданган.

22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

Аткарыла турган каттамдардын убакты-сааты:

Ташкент — Бишкек (жергиликтүү убакыт менен):

  • HY 779 каттамы— 7:05те учуп, 9:15те конот;
  • HY 777 каттамы —16:00дө учуп, 18:10до конот.

Бишкек — Ташкент (жергиликтүү убакыт менен):

  • HY 780 каттамы — 18:40та учуп, 19:00дө конот;
  • HY 778 каттамы — 19:40та учуп, 20:00дө конот.
Жаңылыктар түрмөгү
0