Ноутубкта иштеп жаткан аял. Архив

Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер

535
(жаңыланган 14:36 23.09.2020)
Онлайн окутууда мугалимдер кыйналган менен кызыктуу көп нерсени үйрөнө алдык дешет. Арасында жаңы платформаларды тез эле өздөштүрүп, кайра аларды башка педагогдорго түшүндүрүп жайылткан окутуучулар, өзгөчө жаңы программаларды иштеп чыккан мугалимдер бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын айрымдары менен байланышып, онлайн окутуунун пайдасы, жаңы программалар тууралуу сурады.

Бир кезде Бишкектеги мектептердин биринде физика, астрономия сабактары боюнча мугалим болуп иштеген Улан Мамбетакунов пандемия маалында педагогдорго суудай керек болуп, аларга көп нерсе үйрөткөнгө жетишкен. Онлайн-окутуу башталгандан тартып мугалимдерге вебинарларды өтүп, окутуу процессинде керек болчу программалык каражаттарды колдонгонду көрсөтүп, айтып берген.

Преподаватель физики и астрономии в одном из Бишкекских школ Улан Мамбетакунов
© Фото / из личного архива Улана Мамбетакунова
Бишкектеги мектептердин биринде физика, астрономия сабактары боюнча мугалим болуп иштеген Улан Мамбетакунов
"Мугалимдерге социалдык тармактарга катталганды үйрөттүк. Онлайн-сабак өтүү, окуучулар менен кайтарым байланыш түзүү үчүн кандай программаларды кантип колдонуу керектиги боюнча онлайн-сабактарды өттүк. Айрым аймактарда электр жарыгы, интернет начар. Бул учурда кыйынчылыктар жаралбай койгон жок. Ошого карабай педагогдор вебинарларга катышып, керектүү маалымат алууга далалат кылып жатышты. Башында кыйналышты, бизге да жеңил болгон жок. Бирок вебинарлардын арты менен алар гана эмес, биз да көп жаңы нерсени үйрөндүк", — деди Мамбетакунов.

Ал азыр Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти. Окутуу процесси салттуу режимге кайткан күндө да мындай вебинарларды өткөрүп туруу зарыл деп эсептейт. Ошондой эле өзүнүн бул тармакты өздөштүрүп алганына өкүнбөй турганын айтты.

Борбор калаадагы жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен сабак берген Ахмед Маманов эл аралык өзгөчө платформаны кыргызчалаган. Онлайн-окуу учурунда көп мектептерге пайдасы тийүүдө. Ал электрондук күндөлүк жана электрондук журнал. Пандемия башталгандан тарта аталган программага суроо-талап өсүп, буюртмалар арбын түшө баштаган.

Преподаватель английского языка в частной школе в Бишкеке Ахмед Маманов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбор калаадагы жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен сабак берген Ахмед Маманов
"Электрондук күндөлүк жана жүгүртмө — мектептер үчүн атайын түзүлгөн программа. Бирок интернет менен иштейт. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, почта сыяктуу. Бул программа пандемия башталганга чейин эле иштелип чыккан. Өзүм эмгектенген мектеп колдончу. Мектептер онлайн-режимге өткөндөн кийин ага суроо-талап өсүп, алыскы аймактардан бери чалышты. Азыр бул программаны өлкө боюнча 400дөн ашык мектеп колдонуп жатат", — деди ал.

Маманов программанын өзгөчөлүгү, ыңгайлуулугу тууралуу да айтып берди.

"Электрондук журнал менен жүгүртмө мугалимдердин телефон, ноутбуктарына гана жүктөлсө, күндөлүк окуучу, ата-эненин да телефонуна тиркеме сыяктуу көчүрүлөт. Анан мугалим сабактын башында бир-эки мүнөт отуруп ноутбуктан электрондук журнал менен күндөлүктөн балдардын бар-жогун белгилейт. Сабакка катышуусун текшергенде окуучу сабакта жок болсо "келген жок" деген белги ата-эненин да телефонуна барат. Баа коюлган соң ата-эне аны да телефону аркылуу эле ошол замат көрө алат. Ошентип балдарынын сабакка катышып-катышпаганын, кандай баа алганын ата-эне жумушта же үйдө отуруп эле биле алат", — деди Маманов.

Онлайн окуу: сабагын калтырган окуучулар тыкыр көзөмөлгө алынат

Алыскы аймактардагы мугалимдер онлайн окутууда интернет начар болгондуктан бир топ эле кыйналышкан. Бирок балдарга сабак өтүүнүн өзгөчө ыкмаларын дал ушул онлайн окутуудан кийин үйрөндүк дейт алыскы Ат-Башы районундагы айылдардын биринде башталгыч класстардын мугалими Гүлжан Океева.

"Онлайн-сабак өтүүнүн деле түйшүгү көп экен. Балдарды өзүбүз көнүп калган, салттуу режимде окутууга эмне жетсин. Бирок дистанттык окутуунун арты менен көп нерсе үйрөндүк. Мисалы, биз интернеттен эле көрүп жүргөн видеосабактарды монтаж кылып өзүбүз жасап калдык. Мен башталгыч класстарга англис тилинен сабак берем. Сөз менен айтып берип түшүндүргөн башка, аны сүрөт, видео кылып монтаждап жасап көрсөткөн башка экен. Тагыраагы, видеосабактын натыйжасы жогору. Анткени жаш балдар бир нерсенин сүрөтүн, видеосун көргөндө бат кабыл алышат. Болгону аны кайра балдардан сураганга келгенде эле кыйналып жаттык. Онлайн окутуунун арты менен видеону монтаж кылып калдым. Өзүмө да жакты. Кийин салттуу режимде окугандан кийин дагы бул ыкмаларды колдоном деп ойлоп жатам", — деди Океева.

Эске салсак, 2019-2020- жылдын төртүнчү чейрегин мектептер дистанттык режимде окушкан. Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташпай жаткандыктан, 2020-2021-окуу жылынын 1-чейреги да онлайн-режимде башталды.

535
Белгилер:
Кыргызстан, ишмердүүлүк, мектеп, дистанттык иштөө, окуу, мугалим
Тема боюнча
Министрлик: окуучулар мектепке октябрда барар-барбасы арсар

COVID күч алууда. Аймактардагы пульмонологдордун телефондору

2
(жаңыланган 15:21 20.10.2020)
Коронавирустун алгачкы толкунунда профессор Талант Сооронбаевдин жетекчилиги алдында пульмонологдордун тобу түзүлгөн.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавирус күч алган жай мезгилинде бейтаптарга аралыктан кеп-кеңеш берген пульмонологдордун тобу ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Кеңеш берүү жекшемби күндөн сырткары күнүгө саат 09:00дөн 20:00гө чейин улантылат.

Адистердин тизмеси жана байланыш телефондору:

Бишкек шаары

  • Кемелова Жыпара Кемеловна – 0550539893 (Whatsapp);
  • Майназарова Бактыгүл Тураровна – 0702807418;
  • Шералиев Улан Умаралиевич – 0509990507;
  • Маражапов Нуриддин Хайитбаевич – 0504070704 (Whatsapp);
  • Кадырбердиева Зарина Сылыкбековна – 0552103866;
  • Абдраева Айнура Каныбековна – 0706797957;
  • Айдаралиева Шоира Дилмуратовна – 0558191943 (Whatsapp);
  • Акылбеков Азамат Исхакович – 0700351748;
  • Муратбекова Айбермет Муратбековна – 0700450814 (Whatsapp);
  • Мадемилов Маамед Жолдошбекович – 0706341649 (Whatsapp);
  • Исакова Гүлнара Бообековна – 0708450730 (Whatsapp);
  • Курманалиева Салтанат Эсенгуловна – 0709755630;
  • Мирзалиева Гүлзада Мирзалиевна – 0559766999 (Whatsapp);
  • Олейник Алёна Вячеславовна – 0700151796 (Whatsapp);
  • Магдиева Камила Мыртемировна - 0708878525;
  • Дөлөтова Токтобүбү Жоламановна - 0555708707, 0709708705;
  • Макканбаева Эльмира Боронбаевна – 0708109100 (Whatsapp);
  • Эшенкулова Венера Сыргаковна — 0705738934;
  • Емилова Мыскал Мамажановна — 0778287854;
  • Маметазим уулу Назар — 0555886661;
  • Мамбеталиева Анара Сариевна — 0555912701;
  • Маасаидова Акылай Жолдошевна – 0777337111.

Ош

  • Тилекеева Сабира Масадыковна – 0550936055;
  • Оморалиева Гүлзада Орозбаевна — 0553838345;
  • Примкулов Таалайбек Примкулович — 0772140372;
  • Зайдинов Камолиддин Зайдинович – 0557919156.

Жалал-Абад

  • Исакова Аида Мухтаровна – 0559161789, 0778536126.

Нарын

  • Жакыбалиева Нурайым — 0703646087.

Эске салсак, коронавирустун алгачкы толкунунда профессор Талант Сооронбаевдин жетекчилиги менен пульмонологдордун тобу түзүлгөн. Дарыгерлер күн сайын клиникада, госпиталда кызыл зонада иштеп жатканына карабастан күнү-түнү 15 миңден ашуун кайрылууга жооп берген.

2
Белгилер:
кеңеш, жардам, телефон, коронавирус, пульмонолог, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

674
(жаңыланган 14:26 20.10.2020)
Буга чейин социалдык тармактарда Матраимов фамилиясын өзгөртүп алды делген паспорттун сүрөттөрү жарыяланган.

Маалымат толукталууда

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди.

Фото паспорта, в котором Райым Матраимов якобы поменял фамилию
фото распространяемое в мессенджерах
Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган
“Матраимов Р. Ы. аттуу жаран аты-жөнүн өзгөртүүнү сурап кайрылган. Фамилиясын алмаштыруу процедурасы КР мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлгөн. Ал аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алгандан кийин еID паспортун алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборуна кайрылган. Бирок аталган жаранга документ берүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар болгондуктан, ага берүүдөн баш тартышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Мамкаттоо укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунан жогоруда аталган паспорт алынганын белгилейт.

674
Белгилер:
фамилия, паспорт, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Райым Матраимовдун кармалышы. Белгилүү болгон маалыматтар
Райым Матраимов кармалды