Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды

© пресс-служба мэрии города БишкекВстреча мэра Бишкека Азиза Суракматова с послом Узбекистана в КР Хуршидом Мирзахидовым
Встреча мэра Бишкека Азиза Суракматова с послом Узбекистана в КР Хуршидом Мирзахидовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эки өлкөнүн борбор калаалары инвестициялык долбоорлорду бирге ишке ашырууга кызыкдар болууда.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек менен Ташкент (Өзбекстан) шааларынын жетекчилери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимге кол коюшат. Бул тууралуу Бишкек мэри Азиз Суракматов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовдун жолугушуусунда белгилүү болгонун муниципалитеттен билдиришти. 

© пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкек мэри Азиз Суракматов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовдун жолугушуусу
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри Азиз Суракматов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовдун жолугушуусу

Эске салсак, коңшу өлкөнүн шаарлары менен Бишкектин ортосунда буга чейин дагы ар багыттагы кызматташуулар тууралуу келишимдер болгон. Мисалы, 1993-жылы Бишкек менен Бухаранын жетекчилери экономикалык жана маданий кызматташуулар боюнча келишимге кол коюшкан.

Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео

1996 жана 2017-жылдары Бишкек мэриясы менен Ташкент акимчилиги экономикалык жана илимий-техникалык жаатта бири-бирине колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуга жетишкен.

Учурда эки өлкөнүн борбор калаалары инвестициялык долбоорлорду бирге ишке ашырууга дагы кызыкдар болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0