Марганцовка, картошканын буусу... Адис булардын кандай учурда зыян келтирерин айтты

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРынок выходного дня в Цхинвале
Рынок выходного дня в Цхинвале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер үй шартында пайдаланылган "дары-дармек каражаттары" дайыма эле ден соолукка пайда алып келбесин айтып, себебин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиялык дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников элдик медицинада колдонулган каражаттардын дайыма эле пайдалуу боло бербесин айтты. Бул тууралуу "Россия 1" телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.  

"Мисалы, марганцовка антисептикалык жакшы каражат болгону менен көбүрөөк болсо же былжырлуу жерлерге тийип кетсе күйгүзүп салат. Ал эми баарыбыз ишенип, текчебизде сактаган суутек перекиси жарааттарды жакшы тазалаары талашсыз. Бирок капысынан оозго кирип, ашказанга жетип кала турган болсо, ден соолукка чоң залакасын тийгизет", — деди дарыгер.

Өзбекстанда Кытайдын элдик медицина боюнча университетинин филиалы ачылат

Ошондой эле адис тамакты ысык картошка менен буулоонун пайдасы дегеле аныкталбаганын айтат.

"Картошканын буусу тамак көңдөйүн күйгүзүп салышы ыктымал. Анын үстүнө ооруп жаткан тамакка ысык буу пайда алып келери бир дагы ирет тастыкталган эмес. Мындан тышкары, чөптүн кайнатмалары дагы кооптуу. Адатта мындайды фитотерапия тууралуу билими, жок дегенде түшүнүгү бар адамдардын көрсөтүп кеңеш бергени жакшы", — деди Мясников.

Ал айнек банка менен желди чыгарууну дагы билген киши жасабаган учурда анча пайдалуу эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0