Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министрлигин имараты. Архив
Билим берүү жана илим министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети 2012-жылдан тартып 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде "Калктын ишеним индексин" түзөт.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигине элдин ишеними артууда. Тагыраагы, ишеним индекси өткөн жылга салыштырмалуу жети пайызга жогорулады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, Билим берүү министрлиги ведомстволордун арасынан үчүнчү орунга чыккан.

"Быйыл элдин ишеними 37,7 пайызга көтөрүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 7 пайызга жогорулады дегенди билдирет. 2019-жылдын аягында министрлик ишеним индекси боюнча 4-орунда эле", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети 2012-жылдан тартып 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде "Калктын ишеним индексин" түзөт. Жооптордун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, сапаты, жарандар менен өз ара кызматташуусу аныкталат.

"Калктын ишеним индекси" үч негизги индекстен турат:

  • жарандын мамлекетке болгон жеке ишеними;
  • жарандардын аткаруу бийлигиндеги коррупциянын деңгээли жөнүндөгү жеке түшүнүгү;
  • бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жумуштун сапатына жараша баалоосу.
Жаңылыктар түрмөгү
0