Куш тумоо эпидемиясы Кыргызстандын чек арасына жакындап келе жатат

© AFP / Isaac LawrenceКоргоочу костюм кийген медицина кызматкери. Архив
Коргоочу костюм кийген медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, Казактандын Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын түндүгүндө чыккан куш тумоо эпидемиясы өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен аймагына чейин жетип келди.

Эске салсак, Казакстанда куш тумоосу 9-сентябрь күнү расмий катталган. Өлкө бийлиги бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна маалымат берип, айрым айылдар карантинге жабылган.

Sputnik Казакстан агенттигини жазганына караганда, өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

Романов: канаттуулар тумоосу келгин куштар аркылуу жугат

"Акыркы учурда жети облустагы жеке чарбаларда 20 миң, атайын фабрикаларда 203 миң баш канаттуу жок болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстанда жыл башынан бери куш тумоосуна каршы 3 377 900 вакцина даярдалган. Учурда дагы 699 355 доза сатып алынууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0