Быйыл кыргызстандыктар Түркиядан бекер дарылана алабы? Министрликтин жообу

© REUTERS / Francis MascarenhasОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын бөлүнгөн квота аркылуу кыргызстандыктар Түркиядан жогорку технологиялык жабдыктар колдонулган операцияларды жасатчу.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Түркия кыргызстандыктардын бекер дарылануусу үчүн квота берүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырды, ошондой эле быйыл жарандар мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбой турганы так белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиев билдирди.

Белгилей кетсек, Түркия өкмөтү жыл сайын кыргызстандык бейтаптарга оор операцияларды жасатуу үчүн 150 квота бөлүп берет. Жазында коронавируска байланыштуу мамлекеттер авиакаттамдарын токтоткон болчу. Эпидемиологиялык абал турукташып келе жатканына байланыштуу Кыргызстан менен Түркия августтун орто ченинде кайрадан аба байланыштарын жандантты.

Түркия берген квотага кезек күткөндөрдүн саны көп экендиги белгилүү. Буга байланыштуу Sputnik агенттиги быйыл кыргызстандыктар ал жактан дарылана алар-албастыгын сурады.

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

Министрликтин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиевдин айтымында, Түркия бул маселе боюнча эки ирет жооп кайтарган. Биринчисинде 19-мартта аталган өлкө Бишкектеги элчилиги аркылуу КР ТИМине нота жиберип, коронавируска байланыштуу квота берүү макулдашуусу белгисиз убакытка токтотулганын билдирген. Ошондой эле 24-августта Түркиянын саламаттыкты сактоо министри менен жолугушуусунда дагы бул боюнча кеп козголгон. 

"Ал жыйында оорулуулар квотаны күтүп жатат, жандантсаңар жакшы болот эле, биз үчүн бул маанилүү деп айттык. Бирок Түркия коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна байланыштуу ушул жылы Кыргызстанга гана эмес, башка мамлекеттерге дагы бекер дарыланууга шарт түзүп бере албай турганын билдирди", — деди Масалиев.

Ошондой эле министрликтин өкүлү азырынча кийинки жылы макулдашуу жанданары белгисиз экендигин кошумчалады.

КРге квота бөлүп берген жалгыз өлкө — Түркия

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Кыргызстан татаал операцияга муктаж жарандарды чет мамлекетте акысыз дарылатуу максатында бир нече өлкө менен жолугушуу уюштуруп, бирок майнап чыккан эмес. Себеби мамлекеттер көп чыгымга учурай турганын билдиришкен.

2014-жылы Түркия кыргызстандыктарды бекер дарылоого кол сунган. Башында жыл сайын 100 квота, ал эми былтыртан баштап 150гө чейин көбөйткөн. Өкмөттүн токтому боюнча, 50 бейтап Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан, ал эми дагы 100 бейтап Түркиянын Бишкек шаарындагы элчилиги тарабынан тандалат.

Квота боюнча Кыргызстандын бейтапканаларында жасаганга мүмкүн болбогон жана жогорку технологиялык жабдыктардын жардамы менен ишке аша турган операциялар жасалат. Министрликте кайсы ооруга квота берсе болот же болбойт деген тизме жок. Ар бир бейтаптын арызы жекече каралат. Жаш курак чектелбейт.

Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар

Квотанын алкагында абдан шашылыш жардам көрсөтүүнү талап кылган оорулар (инсульт, жаракат алуу), реабилитациялык жана узак мөөнөттүү дарылоону талап кылган илдеттер каралган эмес.

Түркиянын мамлекеттик бейтапканаларында дарылоо акысыз жүргүзүлөт. Бирок жол кире, мейманкана, тамак-аш, күнүмдүк чыгым, медициналык камсыздандыруу, медициналык кагаздарды англис жана түрк тилдерине которуу, ошондой эле котормочу жалдоо үчүн каражат бейтап тарабынан төлөнөт. Органын алмаштырам (трансплантация) деген бейтаптын донору, ага тиешелүү медициналык изилдөөдөн өткөн кагаздары даяр болушу керек.

Квота аркылуу дарыланууну көздөгөн бейтаптар Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын КРдеги элчилигине кайрылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0