Супермаркеттеги кардар. Архив

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

422
(жаңыланган 13:39 25.09.2020)
Муниципалитет текшерип барганда, эки соода түйүнүндө санитардык нормалар аткарылбай жатканына күбө болушкан.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы “Глобус” жана “Фрунзе” гипермаркеттери шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи май райондук акимчилигинин кызматкерлери милиция жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен биргеликте ири гипермаркеттерди текшерип барган.

Анда төмөндөгүдөй эреже бузуулар аныкталган:

  • Кире беришке фильтрлер коюлган эмес:
  • Босогого бутту дезинфекциялоо килемчеси салынган эмес;
  • Кардарлардын дене табын өлчөө, колуна антисептик чачуу жасалган эмес;
  • Соода түйүнүнүн ичинде көпчүлүк кардарлар бет кап тагынбай жүргөн. Жадагалса кассирлер дагы тагынбай отурган.

Гипермаркеттердин администрациясына Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча экинчи категориядагы айып салынды. 

Баягы оор күндөр эстен чыкты. Боронов элдин кайдыгерлигине нааразы болду

Аталган берене "Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу" деп аталат. Экинчи категориядагы айып пулдун көлөмү жеке жактарга 30 миңден 50 миң сомго чейин болот.

Мэрия мындай санитардык рейддер дагы улантыларын эскертти.

422
Белгилер:
айып пул, Бишкек мэриясы, рейд, гипермаркет, Бишкек
Тема боюнча
Баткенде санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды. Арасында 9 мамкызматкер бар
Бишкектин үч жериндеги стационарда орундар, дары-дармектер камдалды. Сүрөт
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

34
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

34
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

60
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

60
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео