Кыргызстанда эпидемиологиялык абал начарлагандыктан веложүрүш токтотулду

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы веложүрүштүн катышуучулары. Архив
Бишкек шаарындагы веложүрүштүн катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки сутка ичинде вирустан сакайгандарга караганда жуктургандардын саны көп болду. Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө дагы байкалууда.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал начарлап баштаганына байланыштуу Дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өтө турган веложүрүш болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Аталган жүрүш буга чейин жекшембиге, 27-сентябрга, белгиленген болчу.

"Анткен менен донорлор күнү 26-сентябрдан башка күнгө жылдырылбайт. Бирок иш-чарада санитардык коопсуздук жогорку деңгээлде сакталат", — дешти мэриядан.

Муниципалитет жарандарды ден соолукка кам көрүп, өз алдынча дарыланбоого чакырды.

Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

Белгилей кетсек, акыркы эки сутка ичинде вирустан сакайгандарга караганда жуктургандардын саны көп болууда. Мисалы, бүгүн коронавирустан 142 бейтап айыкса, ооруну жуктуруп алган 175 жаңы учур катталды. Ооругандардын көбү өлкөнүн түштүгүндө болууда. Медиктер арасында дагы вируска кабылгандар мурдагыдан көбүрөөк боло баштады. Бактыга жараша, бир топ күндөн бери бул оорудан көз жумгандар каттала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0