Өкмөт "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун жаңыланган версиясын сунуштады

Жазылуу
Өкмөт программанын жаңыланган версиясында кандай шарттар каралганын кабарлады. Долбоорду азырынча өкмөттүн координациялык кеңеши бекитти.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын жаңыланган версиясы сунушталды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өтүп, анда программанын ушул версиясы кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, каржылоонун көлөмү көбөйтүлүп, ислам принциптери боюнча насыя берүү механизмдерин киргизүү сунушталууда.

Программанын жаңыланган версиясында финансылык ресурстарды тартуунун шарттарына жараша ипотекалык насыялардын мөөнөтүн узартуу, пенсиянын топтоочу бөлүгүн кредиттин алгачкы төлөмүнө колдонуу каралган.

"Мамлекеттик программанын алкагында турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун инструменттери жалгыз насыялоо болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан сунушталып жаткан долбоордо комплекстүү иш-чаралар каралышы зарыл", — деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Бул программанын башка дагы жагдайлары айтыла элек.

Өкмөттөн белгилешкендей, программанын алкагында өнөктөш 13 коммерциялык банк тарабынан 5,5 миллиард сом насыя берилди. Натыйжада 16 миңден ашык жаран үй-жайлуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0