Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПразднование дня независимости в Оше
Празднование дня независимости в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус боюнча статистиканын төмөндөгөнүнөн бир ай өтпөй өлкөдө кайра илдет илештирген жаңы учурлардын саны өсүп баштады. Азыркы тапта коронавирус көп аныкталып жаткан аймактарда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Акыркы эки күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп кетти. Кечээ 127 адамдан COVID аныкталса, бүгүн Республикалык штаб 175 адам вирус жуктуруп алганын кабарлады. Статистикада жазылгандай, ооругандардын басымдуу бөлүгү аймактарда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы коронавирус көп катталып жаткан аймактардагы абалды билип, жергиликтүү дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ош облусу

Өткөн суткаларда коронавирус Кыргызстандын түштүк аймактарында көп катталган. Алсак, 25-сентябрга карата Ошто 50 кишиден вирус табылды. 31-август менен салыштыра турган болсок, ал күнү аталган аймакта алты гана кишиден коронавирус табылган.

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов коронавирустун белгилери менен ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРОш облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов
Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов
"Акыркы жумада кайрылгандардын саны өстү. Биз болжонуп жаткан экинчи толкунга оорукананы даярдап, дары-дармектин корун камдадык. Бирок маселе башкада. Азыр мурдагыдай алгоритм жок. Анда эпидиликтөө жүргүзүлүп, оорулуу менен байланышта болгондун баарын таап, обсервацияга жаткырчу. Мындай жол менен илдеттин жайылышын аз да болсо алдын алганбыз. Азыр оорулуу менен байланышта болгондор табылган күндө деле үйдө изоляцияга жөнөтүлүүдө. Бирок аны канчасы аткарып жатканын кайдан билебиз. Айрымдар эрежелерди эске алып да койгон жок", — деди Марипов.

Анын айтымында, райондогу оору жуктургандардын үчтөн эки бөлүгү үйдөн дарыланып жатышат. Калгандары ооруканага жаткырылууда. Марипов мамлекет үй карантинине жиберилгендерди көзөмөлдөө үчүн бийлик натыйжа берген ыкмаларды ойлоп табышы керектигин кошумчалады.

Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет? Адистин жообу

Жалал-Абад облусу

Өткөн сутканын ичинде Жалал-Абад облусунда 22 кишиден коронавирус аныкталган. Ошол эле мезгилде 10 киши дартты жеңгени айтылды. Белгилей кетсек, март айында өлкө ичинде биринчилерден болуп дал ушул аймактан коронавирус катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин аталган аймактагы координатору Замира Чойбекова бийлик азыр стационарлар менен мобилдик бригадалардын ишин кайра жандантуу боюнча маселени карап жатканын билдирди.

"22 учурдун 10у лабораториялык жактан такталды. Бактыга жараша, алардын ичинен тогузунун абалы орто жана жеңил формада өтүүдө. Бир бейтап болсо ооруканадан дарыланып жатат. Пневмонияга кабылган 12 адам дагы ооруканага жаткырылды. Азыр базар, дүкөндөр иштеп, тойлор башталгандыктан, адамдар вирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатышат", — деди Чойбекова.

Ал коронавирус жуктуруп үйлөрүнө дарыланууга кеткен бейтаптарга дарыгерлер бардык инструкцияны түшүндүрүп жатканын айтып, бирок аларды дайыма көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

"Оорунун очогу деле боло элек. Ар кайсы айылдан бирден-экиден кишиде вирус табылып жатат. Эгер алардын үй-бүлөсүндөгү бирөө жарымдан вирус чыкса, анда алар изоляция эрежесин сактабай эле жүргөндөн кабар берет", — деди министрликтин аймактагы координатору.

Баткен облусу

Эгер Баткен облусундагы калктын саны менен карай турган болсок, кооптуу кырдаал дал ушул аймакта байкалууда. Анткени бир сутканын ичинде эле Баткенде 41 кишиден коронавирус табылганы маалымдалды.

Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

Баткендеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Асел Кошбаеванын айтымында, аймакта коронавирус менен ооругандар көп.

"Облус боюнча ар бир короону текшерип жатабыз. Мисалы, Кадамжайда 1 202 киши медициналык кароодон өткөрүлүп, анын 27синин дене табы жогору экени аныкталды. Коронавирустун белгилери байкалганда ооруканага өздөрү кайрылгандар бар, айрымдар үйлөрүнөн эле дарыланып жатат. Оорулуу адамдар менен байланышта болгондордун арасынан да коронавирус табылып жатат. Буга чейин биз бийликке ири базарларды жабуу сунушун киргизгенбиз, бирок ал аткарылган жок",— деди Кошбаева.

Ал эпидемиологдор азыркы кырдаалды эске алып, облусту карантиндик зоналарга бөлүп, чектешкен жерлерине блокпостторду коюуну көздөп жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун бийлиги бет кап тагынуу режимин күчөтүү чечимин кабыл алды. Бишкекте да санитардык көзөмөл күчөгөнүн мэрия жар салды.

Мындан сырткары, коронавирус жуктурган жаңы учурлар көп каттала баштагандыктан бүгүн Республикалык штаб шашылыш жыйын өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0