Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

61
(жаңыланган 18:42 26.09.2020)
Келерки аптада президент Жээнбеков расмий иш сапары менен Венгрия өлкөсүнө барат. Иш сапарда бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлары айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарынын скверине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилип, салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу мамлекет башчы "Биринчи радиого" берген кезектеги маегинде айтты.

Президент Венгрия өлкөсүнө жасалуучу иш сапар, эки мамлекеттин ортосундагы алака тууралуу суроого жооп берип жатып бир нече учурду белгилеген.

"Мен расмий сапарымдын алкагында Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барам. Будапешт шаарынын скверине биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу иш-чарасы болот. Иш сапарым соода-экономикалык гана эмес, маданий тармакты да камтыйт", — деген Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат

Жээнбеков иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, өлкөлөр байланышын күчөтөрүн белгилейт. Анда биргелешкен өнүгүү фондун түзүү боюнча сөз болот.

"Кыргыз-венгер өнүгүү фондун түзүү боюнча ниетибиз бар. Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия "Эксимбанкы", буюрса, 50 миллион евро бөлгөнү турат. Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз, аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт.

Бул дагы абдан жакшы жетишкендик болот. Бул эми Кыргыз-орус өнүгүү фондундай эле, келечекте ошондой фондго айлантканга аракет кылып жатабыз", — деди Жээнбеков.

Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда. Кыргызстандык ишкерлер Венгриянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Президент Жээнбековдун Венгрияга иш сапары жазында пландалып, коронавирус пандемиясынан улам жылган.

61
Белгилер:
инвестициялар, экономика, алака, фонд, сквер, Чыңгыз Айтматов, иш сапар, Венгрия, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу
Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл
Паркта эс алуучулар

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

37
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. 17-майда күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарын жергесинде +17...+22 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, ал эми Ош калаасында +30...+32 градуска жетет.

37
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Кытай алгачкы жолу Марска космостук аппаратын кондурду
Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана. Архив

Улуттук китепкана онлайн режимде иштей баштады

46
(жаңыланган 20:29 16.05.2021)
Окурмандар онлайн өтүнмөлөрдү күн сайын саат 10.00дөн 16.00гө чейин берип, керектүү адабияттарды китепкананын Жумабек көчөсү тарабындагы кызматтык эшигинен алышат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана онлайн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык абалга байланыштуу окурмандар онлайн өтүнмөлөрүн күн сайын саат 10.00дөн 16.00гө чейин бере алышат. Ал эми буюртма кылган керектүү адабияттарын иш күндөрү китепкананын Жумабек көчөсү тарабындагы кызматтык эшигинен ала алышат.

Кошумча суроолор боюнча okt@nlkr.gov.kg электрондук почтасына, социалдык тармактагы Facebook, Instagram баракчаларына жана (0312) 30-46-75, 0778 46 47 (WhatsApp) телефондоруна кайрылса болот.

Онлайн кызмат көрсөтүү 23-майга чейин уланат.

46
Белгилер:
онлайн, Бишкек, Улуттук китепкана
Тема боюнча
Легендарлуу боксчу Орзубек Назаров китебин презентациялады
Манас ааламы ыроологон касиет. Манасчы Бакчиевдин китеби тартууланды
Армениянын чек арасын жанындагы талкаланган шаар. Архив

Армениядагы чек ара жаңжалы: ЖККУ кийлигишер кезби?

0
(жаңыланган 23:29 16.05.2021)
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аймагындагы улам чыгып калып жаткан чек ара жаңжалы – чоң согуштун тутанышына себеп эмес.

Бул өңдүү көйгөйлөр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, дипломатиялык жөнгө салууну, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ), Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму (ЖККУ) же Түндүк атлантикалык келишим уюмунун (НАТО) потенциалын пайдаланбастан кадыресе делимитация же демаркацияны талап кылат. Ушундай ойду карманган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Армениядагы абалга токтолгон.

Армения Республикасынын Сүник облусундагы ок атуусуз чек ара жаңжалы чындап технологиялык мүнөздө, ошондуктан саясий билдирүүлөр менен кырдаалды жасалма түрдө козутууга болбойт.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 12-майда таң эрте: "Азербайжандын Куралдуу күчтөрү "чек араны тактоо" шылтоосу менен чек ара тилкелеринин биринде иштерди жүргүзүүгө аракет кылышкан. Армениялык күч бөлүктөрү тарабынан көрүлгөн чаралардан соң азербайжандык аскерлер бул ишти токтотушкан". Ошондон кийин дароо жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Сүник облусундагы абалга байланыштуу ЖККУга расмий кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алганын маалымдады. Андан мурунку күнү эле ал Азербайжан аскердик күчтөрү 12-майда чек арадан өтүп, Кара көлдү курчоо аракетинде армениялык аймакка 3,5 чакырым аралык кирип келгендигин билдирген.

Бул боюнча Азербайжан тарап да үн катпай койгон жок. "2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу билдирүүгө ылайык, аба ырайынын жакшырышы менен азербайжандык чек ара күчтөрү Армения менен чектешкен татаал тоолуу рельеф жана климаттык шарттары бар Лачин жана Көлбажар райондорунда Азербайжан позициясында жайгаштырылат. Процесс кадимки режимде жана системалуу жүргүзүлүүдө", — деп айтылган Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян теледеги мурдагы күнкү маегинде: "Армениянын аймагынан азербайжандык аскерлерди али чыгарта албадык. Коопсуздук кеңешинин жыйынында биз ЖККУга кайрылууну чечип, бул процессти баштадык".

ЖККУдагылар Армениянын Сүник облусунун чек арага жакын райондорундагы абалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Ошону менен бирге эле: "Жагдайга жараша зарылдыгы чыкса Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин жана ЖККУнун Уставынын жоболорунда каралган чаралар көрүлөт".

Азербайжан Тышкы иштер министрлиги 13-майда аталган аймактагы жалпы көрүнүштү мындайча сүрөттөдү: "Көз карандысыздыкты калыптандыргандан бери эки мамлекет белгилүү себептер менен мамлекеттик чек араларга ээ болгон эмес. Биз ушул тапта тараптардын ортосундагы келишпестик менен коштолгон татаал техникалык процесс жөнүндө кеп кылып турабыз". Бул билдирүүлөрдө согуштан кийинки чек аралар агрессияга алдыруу (ок атуулар) же Азербайжандын Арменияга карата кандайдыр бир территориялык дооматтары байкалбайт.

Технологиялык келишпестиктер – маанисиз деңгээлге чейин жеткирилбесе эле кадыресе процесс. 1991-жылы КМШ өлкөлөрүндө чек ара боюнча талаш маселелер ар кыл даражадагы ийгилик менен чечилип келген. Ошентсе да "талаш" маселелер кескин геосаясий кыймылдар жана кан төгүүгө арзыбайт. Бүгүнкү күндө Баку же Ереванда көйгөйдүн булагын издөөнүн кереги жок. Кавказдагы бул көйгөйдүн түбү Россия империясын СССРге трансформациялоонун жүрүшүнө барып такалат. Процесс саясий болуп саналат, советтик республикалардын чийилген чек аралары көбүнесе шарттуу жана мурдатан эле талаштуу. Россиянын революцияга чейинки "монолиттик" картасында улуттук республикалар болгон эмес, өлкө административдик жактан губерния жана облустарга бөлүнгөн. Тургундардын баары россиялык букаралыкка гана ээ болушкан.

Ырбаган учурларды мисал келтирүү үчүн өткөнгө терең үңүлүүнүн деле кереги жок. Жакындагы эле Тажикстан менен чек ара жаңжалынан улам Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү 11-майда өз өлкөсүн ЖККУга катышууну кайра карап чыгууну сунуштаганы маалым. Дүйнөдө ушул жааттагы тажрыйбаларды карап көрсөк, НАТОдо Греция менен Түркиянын чек ара маселелери улам көтөрүлөт, бирок атлантикалык альянс тигил же бул тарапты бомбалоого белсенбейт. Эч кимиси НАТОдон чыгып кетүүгө кам урбайт.

Кавказда жагдай жеңил эмес. Армения – ЖККУга мүчө, Азербайжан бул уюмга кирбейт. Ошентсе да Баку менен Еревандын чек ара боюнча бул (бир да ок атылбаган) талаш кырдаалында жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн улам (Россиянын катышуусундагы) агрессия, аннексия тууралуу катуу кыйкырып, анан да ЖККУ боюнча союздаштарына дээрлик шантаж кылуу натуура.

Азыр Арменияны эч ким аскердик кол салуу менен коркуткан жери жок. Россиялык чек арачылар макулдашууларга ылайык Сүник облусундагы автожолдун көйгөйлүү тилкелериндеги (Горис – Давид Бек жана Горис – Капан) кыймылдын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо. Азербайжандык күчтөрдүн бул багытта кандайдыр бир өтүп кетишин элестетүү да дээрлик мүмкүн эмес.

Мурдараак Армения ТИМи Ереван менен Баку россиялык чек арачылар жайгашканга чейин мурда таанылбаган Тоолуу Карабах республикасына кирген жана Армения менен чектешкен бир катар аймактардын Азербайжандын карамагына өткөндөн кийинки чек ара тилкелерин демаркациялоо үчүн убактылуу аскердик позицияларды жайгаштырууну такташышкан.

Демаркациялоо жүрүп жатат. Чиеленишкен чек ара маселелери оор чечилет, уй мүйүз тарта отуруп сүйлөшүү менен кылдат жөнгө салууну, кыйла интеллектуалдык аракеттерди талап кылат. Кара көлдөгү абалды жөнгө салуу үчүн дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдүн да, ЖККУнун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен күч операцияларынын да түк  кереги жок.

Жамааттык коопсуздук келишимдин 2-беренесине ылайык: "Мамлекет-катышуучулар алардын кызыкчылыгына тиешелүү эл аралык коопсуздуктун бардык маанилүү маселелери боюнча бири-бири менен кеңешип, позицияларын макулдашышат.

Катышуучу мамлекеттердин биринин же бир нечесинин коопсуздугуна, территориялык бүтүндүгүнө жана суверенитетине коркунуч туулса же эл аралык тынчтыкка кооптуулук жаралса, мамлекет-катышуучулар өз позицияларын координациялоо жана коркунучту жоюуга чара көрүү максатында биргелешкен консультациялар механизмин кечиктирбестен кыймылга келтирет".

Чек араны демаркациялоо жагдайында эл аралык же Армениянын тынчтыгына реалдуу кооптуулук туулган жок. Андай эмес деп далилдөө (ЖККУнун консультацияларында жана бөлөк сүйлөшүү аянтчаларында) кыйын болот.

БУУнун аныктамасына ылайык, "бир мамлекет тарабынан башка бир өлкөнүн суверенитетине, территориялык кол тийбестигине же саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күч колдонуу" агрессия болуп саналат. БУУнун Коопсуздук кеңеши да Сүник облусундагы Азербайжан агрессиясын байкаганы жок.

0
Белгилер:
ЖККУ, Жаңжал, чек ара, Армения
Тема боюнча
Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?