Терезени караңгылатып майрамдашкан. Бишкекте бир нече ресторан айыпка жыгылды

Жазылуу
Шаардык муниципалитет тиешелүү адистердин жана укук коргоо органдарынын коштоосунда маараке өтүп жаткан жерлерге кирип барган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызмат кабарлады.

Кечээ шаардык мэрия Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жана инспекциянын адистеринин, райондук администрациянын мобилдик топторунун жана милиция кызматкерлеринин коштоосунда рейд кылган.

Баткенде санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды. Арасында 9 мамкызматкер бар

Анын алкагында "Вавилон" ресторанында санитардык нормаларды сактабай үйлөнүү той өткөрүп жатканын көрүшкөн. Той токтотулуп, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү.
Бишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү.
© пресс-служба мэрии города БишкекКечээ шаардык мэрия Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жана инспекциянын адистеринин, райондук администрациянын мобилдик топторунун жана милиция кызматкерлеринин коштоосунда рейд кылган.
Кечээ шаардык мэрия Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жана инспекциянын адистеринин, райондук администрациянын мобилдик топторунун жана милиция кызматкерлеринин коштоосунда рейд кылган. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Кечээ шаардык мэрия Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жана инспекциянын адистеринин, райондук администрациянын мобилдик топторунун жана милиция кызматкерлеринин коштоосунда рейд кылган.
© пресс-служба мэрии города БишкекАнын алкагында "Вавилон" ресторанында санитардык нормаларды сактабай үйлөнүү той өткөрүп жатканын көрүшкөн.
Анын алкагында Вавилон ресторанында санитардык нормаларды сактабай үйлөнүү той өткөрүп жатканын көрүшкөн. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Анын алкагында "Вавилон" ресторанында санитардык нормаларды сактабай үйлөнүү той өткөрүп жатканын көрүшкөн.
© пресс-служба мэрии города БишкекТой токтотулуп, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.
Той токтотулуп, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Той токтотулуп, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.
© пресс-служба мэрии города БишкекКечинде бир катар санитардык эрежелерди бузган эс алуучу жайлар аныкталган. "Ретро-Метро" түнкү клубунун, "Сенатор", "Алмалуу", "Столица" клубунун, "Плаза Восток" бильярд клубунун жана Good Game компьютердик залынын администрацияларына карата Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.
Кечинде бир катар санитардык эрежелерди бузган эс алуучу жайлар аныкталган. Ретро-Метро түнкү клубунун, Сенатор, Алмалуу, Столица клубунун, Плаза Восток бильярд клубунун жана Good Game компьютердик залынын администрацияларына карата Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Кечинде бир катар санитардык эрежелерди бузган эс алуучу жайлар аныкталган. "Ретро-Метро" түнкү клубунун, "Сенатор", "Алмалуу", "Столица" клубунун, "Плаза Восток" бильярд клубунун жана Good Game компьютердик залынын администрацияларына карата Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.
1/5
Бишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү.
2/5
Кечээ шаардык мэрия Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жана инспекциянын адистеринин, райондук администрациянын мобилдик топторунун жана милиция кызматкерлеринин коштоосунда рейд кылган.
3/5
Анын алкагында "Вавилон" ресторанында санитардык нормаларды сактабай үйлөнүү той өткөрүп жатканын көрүшкөн.
4/5
Той токтотулуп, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.
5/5
Кечинде бир катар санитардык эрежелерди бузган эс алуучу жайлар аныкталган. "Ретро-Метро" түнкү клубунун, "Сенатор", "Алмалуу", "Столица" клубунун, "Плаза Восток" бильярд клубунун жана Good Game компьютердик залынын администрацияларына карата Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.

"Санжыра" ресторанынын администрациясы эрежелерди бузууга "кылдат" мамиле жасаганы айтылат. Үй-бүлөлүк майрам жабык эшик артында өтүп, терезелерин кара чүпүрөк менен караңгылатып алышкан. Тойду токтотууга укук коргоо органдары келишкен. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тойкананын ээсине кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле "Гузель Гранд" ресторанында кыз узатуу токтотулуп санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору протокол түзгөн. Ал эми "Тумар" ресторанында үйлөнүү тойдогу коноктор таркатылып, администрациясына айып пул салынган.

Кечинде бир катар санитардык эрежелерди бузган эс алуучу жайлар аныкталган. "Ретро-Метро" түнкү клубунун, "Сенатор", "Алмалуу", "Столица" клубунун, "Плаза Восток" бильярд клубунун жана Good Game компьютердик залынын администрацияларына карата Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.

Жалал-Абадда тойкана ээлерине салынчу айып 60 миң сомго чейин жогорулады

Эреже бузгандарга экинчи категориядагы айып пул каралган. Ал жарандарга үч миң, юридикалык жактарга 13 миң сом деп эсептелинет.

Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормалардын бузулгандыгы тууралуу кабарлоо үчүн төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарларынын номерлерин берди.

  • Сатыбек Каныбеков (Биринчи май району) — 0 (772) 66-53-77;
  • Садык Мырзакматов (Свердлов району) — 0 (551) 57-18-23;
  • Кубанычбек Айтакунов (Октябрь району) — 0 (708) 83-82-95;
  • Алтынбек Маматов (Ленин району) — 0 (772) 15-79-76.

Мэрия шаардыктарды мааракелерге, куран окутууга, той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарга барбай турууга чакырат. Өлкөдө, анын ичинде борбор калаада коронавирус менен ооругандардын көбөйүп жатканы эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0