Колл-центрдин ишкери. Архив

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу

168
(жаңыланган 10:47 27.09.2020)
Республиканын башка аймактарында мурункудай эле 118 кызматы иштеп, кайрылган жарандарга жардам көрсөтө беришет.

Бишкек, 27-сен. — Sputnik. Бишкектин төрт районундагы бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлоруна коронавирус жуктуруп алгандар үчүн ыкчам кызмат бекитилет. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгындагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, республиканын башка аймактарында мурункудай эле 118 кызматы иштеп, кайрылган жарандарга жардам көрсөтө берет.

“Коронавирус жуктурган жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттык сактоо башкармалыгынын негизинде уюштурулган 118 кызматында көбүнчө ыктыярчылар иштеп жатышкан. Азыр абал турукташкандыгына байланыштуу бул кызматты шаардагы райондордун бириктирилген үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна бекитип берүү боюнча буйруктун долбоорун иштеп чыктык. Бирок аты өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми аймактарда 118 кызматы мурункудай эле иш алып барат. Ошондой эле бейтап ар бир медициналык мекеменин ишеним телефондоруна чалса болот”, — деди Ибраева.

Министрлик баштапкы протокол менен азыркы протоколдун айырмачылыгын айтып берди

Ал эми вирус жуктуруп алгандар жашаган дареги боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барып ийне же тамчылатма ийне сайдыра алышат.

“Азыр кайрылган бейтаптарга ийне, тамчылатма ийне саюу жагын тартипке келтирип жатабыз. Жайында оор эпидемиологиялык кырдаал учурунда ар ким дарыканадан өз алдынча алган дарысын эле сайдырган учурлар көп болгон. Азыр бардыгы дарыгердин көрсөтмөсү менен жүрөт”, — деди ал.

Учурда күзгү жана кышкы эпидемиологиялык абалды алдын алуу максатында Бишкек шаардык мэриясы бириктирилген медициналык борборлордун жетекчилери менен биргеликте күндүзгү стационарды ачууга даярдык көрүү иштерин алып барып жатышат.

168
Белгилер:
стационар, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2873)
Тема боюнча
Вирусолог: пандемияны биринчи, экинчи толкун деп бөлүүнүн кажети жок
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

41
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

41
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

81
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

81
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!