Мээни эс алдырыш керек! Смартфондо оюн ойноонун пайда-зыяны 

© Фото / Pixabay / jackinboxsКыздар смартфондо оюндарды ойноп жатышат. Архив
Кыздар смартфондо оюндарды ойноп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, эгер адам жумуш учурунда, транспортто, үйдө, жакын адамдардын жанында отурган маалда ойногонун токтотпосо — бул көз карандуулук. Дал ушундай учурда тынчсызданса болот.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Психиатр жана медицина илимдеринин кандидаты Наталья Шемчук Sputnik радиосуна маек берип жатып смартфон аркылуу оюндарды ойноо адамга кайсы учурда пайда, кайсы учурда зыян алып келерин айтып берди.

Адистин пикиринде, мээни анчалык чыңалтпаган, мисалы, окшош шарларды үч катар кылып тизүү сыяктуу оюндардын заяны жок.

“Көпчүлүк бул оюнду убакытты алуучу, пайдасыз нерсе катары эсептейт. Бирок жумуштан кийин бир аз ойноп койсо, ал мээни эс алдырат. Негизи эле кайсы оюн болбосун бардык жумуштар бүткөн соң, же бош отурган 1-2 саат ичинде ойносо зыян алып келбейт. Мындай учурда онлайн оюндар эс алуунун бир түрү катары каралат”, — деди Шемчук.

Эксперт баскычтуу телефон кайрадан популярдуу болуп жатканын айтты

Анын айтымында, эгер адам жумуш учурунда, транспортто, үйдө, жакын адамдардын жанында отурган маалда ойногонун токтотпосо — бул көз карандуулук. Дал ушундай учурда тынчсызданса болот.

Психиатр смартфондогу оюндар эч качан адамга социалдык жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол болбошу керектигин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0