Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

73
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

73
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө
Столкновения сотрудников правоохранительных органов и протестующих против результатов выборов в Жогорку Кенеш   на площади Ала-Тоо в Бишкеке

Жумабеков: митингде жабыркагандардын бири комадан чыга элек, абалы оор

0
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Эсенбек Жумалиевдин айтымында, Травматология борборунда жаткан 10 адамды кошкондо стационарларда жалпы 11 бейтап бар.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо” аянтындагы митингде жабыркагандардын бири дагы деле комадан чыга элек, абалы оор. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын ичинен ооруканада 10 бейтап калды.

"Митингчилер менен милициянын кагылышынан биздин ооруканага 600дөй адам кайрылган. Азыр алардын ичинен 10у калды. Бешөөнүн абалы оор, бирөө комадан дагы деле ойгоно элек. Дары-дармек акысыз берилип жатат. Кээ бири операция болду. Аларга да операциялар бекер жасалууда", — деди Жумабеков.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Эсенбек Жумалиевдин айтымында, Травматология борборунда жаткан 10 адамды кошкондо стационарларда жалпы 11 бейтап жатат.

"Улуттук госпиталда бир бейтап жатат. Калганы үйлөрүнө чыгарылды", — деди Жумалиев.

5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1 253 киши кайрылган.

Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

Теги: оорукана митинг жабыркагандар кома абал ден соолук

0
Жолдогу автоунаа. Архив

Кар жаайт, жолго камынып чыккыла. ӨКМ айдоочуларга кулак кагыш кылды

18
(жаңыланган 16:31 28.10.2020)
Алдыдагы эки суткада республиканын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаай турганы кабарланган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүп жаткандыгын билдирген ӨКМ айдоочулардын жолго камданып чыгуусун эскертти.

Маалыматта 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүндүгү кабарланган. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

30-октябрда күндүз жаан-чачын болбойт. Эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Ал эми түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшүшү күтүлөт. Күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жамгыр болуп, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян

Аба ырайынын мындай божомолунан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы бузулган убакта автожолдорду көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын жүрүшүн кыйындата тургандыгын эскерткен.

Республика ичинде тоодогу автожолдорго чыгууга камынган айдоочуларга ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

  • ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайы жөнүндөгү маалыматын эске алуу;
  • тоодогу автожолдордо бара жатканда автокөлүктөрдүн ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
  • автоунааларды кышкы даярдыкка өткөрүү (дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыруу ж.б.у.с.);
  • аптечка, чынжырча, күрөкчөнү кошо ала жүрүү.
18
Белгилер:
тоо, эскертүү, айдоочу, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы