5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековСабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив
Сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 5-октябрдан тарта окуучулар мектепке барып салттуу режимде окуй баштайт деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кайрылып, мессенжерлерде 5-октябрдан тарта салттуу режимде окуу баштала тургандыгы боюнча министрликтин буйругу тарап жатканын айтышкан.

Буйрук "Билим берүү уюмдарында 2-6-класстардын окуучуларын реалдуу шартта окутууга даярдык көрүү боюнча" деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул буйрукту министрлик чыгарбаганын айтып, документ реалдуу окууга даярдык боюнча гана район деңгээлинде жасалганын билдирди.

"Мындай маселени министрлик чечпейт, буйруктун бизге тиешеси жок. Чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды карап көрүп, алгач Республикалык штаб кабыл алат. Андан кийин гана министрлик буйрук чыгарат", — деди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү.

Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

Бирок кийинчерээк билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баары эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экенин айтып, балдардын качан мектепке барары белгисиз экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0