COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан улам 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Учурда 700 киши аталган инфекциядан ооруканада дарыланууда.

Алардын ичинен:

  • орто оор абалда — 559 бейтап;
  • оор абалда — 119 бейтап;
  • өтө оор абалда — 13 бейтап жатат.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

Ош облусунда кечээ бир адамдын көз жумгандыгы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0