Баткенге кайрадан чектөө киргизилип, коомдук транспорт токтоду. Тизме

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOБлокпост. Архив
Блокпост. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку жумада өлкөнүн Баткен облусунда ооруга чалдыккандардын саны көбөйгөнү байкалууда. Илдетти мындан ары жайылтпаш үчүн аймактын штабы кошумча эрежелерди киргизди.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыктан облустук штабдын чечими менен дагы бир нече чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

Ага ылайык, аталган аймакта төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

  • 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттун каттамы убактылуу токтотулду;
  • мал базарлардын иши убактылуу токтотулду;
  • мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат;
  • облуска катуу көзөмөлдөгү бет кап режими киргизилди;
  • Баткен облусунун аймагына чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарын акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды;
  • базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү тапшырылды. Ал эми баш ийбегендерге чара көрүүнү район жана шаар башчыларына милдеттендирилди;
  • шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0