Өлкөдө канча дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентратору бар экени айтылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүӨпкө дем алдыруучу аппарат. Архив
Өпкө дем алдыруучу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, акыркы учурларда Кыргызстанда коронавирустан сакайгандарга караганда жуктуруп алгандардын саны көбүрөөк боло баштады.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда 568 жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) жана 8 328 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу брифингде Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.

"Мурдагыларын жана кийин алынгандардын бардыгын кошуп эсептегенде, өлкөдө 568 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 8 328 кычкылтек концентратору ишке даяр", — деди Ибраева.

Ошондой эле брифинг учурунда коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн азыр 1 498 керебет, анын ичинен 193ү реанимациялык орун бар экени айтылды.

COVID: абал курчугандан кийин медициналык мекемелерде 8 жетекчи иштен алынды

Белгилей кетсек, акыркы учурларда Кыргызстанда коронавирустан сакайгандарга караганда жуктуруп алгандардын саны көбүрөөк боло баштады.

Бүгүн өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 355ке жетти. Анын ичинен 42 919у ооруну жеңди. Тилекке каршы, өткөн суткада бир адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0