КРде балдар жакырчылыкка кабылышы мүмкүн. COVID-19дун экономикалык кесепети

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн талдоо социалдык-экономикалык кризистин негизги жүгүн балалуу үй-бүлөлөр көтөрө тургандыгын эскертет.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Жакын арада он алты жашка чейинки 160 000ден 570 000ге чейинки бала COVID пандемиясынан улам экономикалык шокко байланыштуу жакырчылык абалына дуушар болушу мүмкүн. Бул туурасында ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк (ДБ) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө айтылган.

Экономикалык шок COVID-19 пандемиясынан улам керектөөчү товарлардын кымбатташы жана эмгек кирешесинин, акчалай которуулардын азайышынын негизинде келип чыгары айтылды.

"Изилдөөгө ылайык, жакырчылыктын масштабдары, эң оптимисттик баалоолорго таянсак, кыйла өсөт. Ушул тапта Кыргызстанда жакырчылык шартта жашап жаткан балдардын саны 29 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч өсө тургандыгы жана 36 пайыздан 55 пайызга чейинки балдарды кучагына алары күтүлүп жатат", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Маалыматта изилдөөлөр социалдык жардам боюнча иштеп жаткан программаларды кеңейтүү COVID-19дан улам пайда болгон экономикалык кризистин жагымсыз кесепеттерин жумшартууга жардам бере ала тургандыгы айтылат.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп

Социалдык коргоонун бардык программаларынын ичинде жакырчылыкта жашаган балдарга арналган Үй-бүлөгө көмөк (ҮБК) жакыр адамдарды көбүрөөк камтымакчы. Анткени бул — аялуу үй-бүлөлөрдүн кирешесин үзгүлтүксүз колдоону камсыз кылуучу социалдык коргоонун негизги программасы болуп саналат.

"Изилдөөнүн жүрүшүндө, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн социалдык жардамга муктаждыгы көбөйө турганы күтүлүп жаткан учурда ҮБК алуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоол боло турган эки негизги маселе аныкталды", — деп билдиришти аталган уюмдар.

Аны төмөнкүчө негиздеп беришкен.

Биринчиден, жөлөк пул алууга, 2 723 сомду түзгөн жакырчылыктын чегинен кыйла төмөн, жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган балдардан тышкары, айына 1000 сомдук кепилденген эң төмөнкү кирешенин деңгээлинде жашаган үй-бүлөлөр гана укуктуу. Экинчиден, COVID кризисинен улам кирешеси жол берилген деңгээлден төмөн түшүп кеткен балалуу үй-бүлөлөрдүн 34 пайыздан 40 пайызга чейинкиси ҮБКдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн критерийи катары колдонулуучу чыпкалардын негизинде программадан чыгарылат. Бул чыпкалар бир үй-бүлө мүчөсүнө төрт баштан ашык малы бар же пандемияга чейин менчик айыл чарба техникасы/күч унаасы, автоунаасы, жүк ташуучу машинасы же микроавтобусу барларды чыгарып салат. Ушул өндүрүштүк активдерди сактап калыш үчүн бул үй-бүлөлөрдү колдоо зарыл. Кризис учурунда мындай үй-бүлөлөрдү колдоонун жоктугу кыйынчылыктарды жеңүүнүн тескери стратегияларына алып келиши мүмкүн, үй-бүлөлөр жоготуп алган кирешесинин ордун толтуруу үчүн өздөрүнүн активдерин сатышат. Бул үй чарбаларынын узак убакытта өзүн-өзү камсыздоосу үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келет жана келечекте социалдык жардамга муктаж болгондордун санынын көбөйүүсүн шартташы ыктымал.

"Балдарды алардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон оор ажыратуулардан коргоо үчүн социалдык коргоо эң мыкты кийлигишүү болгондугу далил. Ошондуктан мен өкмөттү жакыр үй-бүлөлөрдүн ҮБКга / балдардын жөлөк пулдарына жеткиликтүүлүгүн чектей турган айрым тоскоолдуктарды жоюуга жана ылайыктуулук чегин жакырчылыктын чегинин деңгээлине чейин көбөйтүү тууралуу маселени кароого чакырат элем. Мындай чараларды пайдалануу менен биз бир дагы бала ушул олуттуу кризистин учурунда көз жаздымда калбай тургандай кыла алабыз, анткени ал башкаларга караганда кичинекейлерге көбүрөөк таасирин тийгизип жатат", — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Кыргыз Республикасы боюнча Дүйнөлүк банктын башчысы Навид Хасан Накви аталган банк экономиканы жана адамдардын киреше булактарын калыбына келтирүүнү колдоого даяр экендигин айткан.

Кыргызстанда пандемия маалында кредит алгандар менен депозиттердин саны өстү

"COVID-19 пандемиясы жана анын экономикалык кесепеттери өнүгүү жаатындагы прогресстин чоң бөлүгүн артка кайтарып, Кыргызстандын миңдеген адамдарын жакырчылыкка дуушар кылуу коркунучуна алып келүүдө. ДБ экономиканы жана адамдардын киреше булактарын калыбына келтирүүнү колдоого даяр", — деген ал.

Калктын балалуу үй-бүлөлөрдө жашаган 90 пайыздан көп бөлүгү жакырчылыкка дуушар болушу күтүлүп жаткан учурдагы кризис социалдык коргоо системасын чыңдоого жана Улуттук социалдык өнүктүрүү стратегиясын кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0