Эртең Бишкектин бир нече конушунда суу өчүрүлөт

© пресс-служба мэрии города БишкекЖаңы конуштардын жашоочулары сууну алып жатышат. Архив
Жаңы конуштардын жашоочулары сууну алып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Энесай" суу кампасында оңдоо иштери жүргүзүлүп жана шаардагы суу түтүктөрү кыш мезгилине даярдалып жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Эртең борбор калаадагы бир нече жаңы конушта суу өчүрүлөт. Бул туурасында Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда эртең мененки саат 9:00дөн 19:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарына суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Мэрия мунун себебин "Энесай" суу кампасында алдын ала оңдоо иштери жүргүзүлүп жана шаардагы суу түтүктөрү кыш мезгилине даярдалып жатканы менен түшүндүрдү.

Кыргызстанда элдин 76 пайызы гана электр кубаты менен туруктуу камсыздалган

Бул конушта жайгашкан төмөнкү объектилерде да суу токтойт:

  • №9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Орхон-2 көчөсүндө жайгашкан бала бакча;
  • №21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
  • №20 китепкана;
  • №7 аймактык милиция бөлүмү;
  • №21, №94 мектептер;
  • "КУТ МонтажСтрой" компаниясы;
  • Дордой-17 көчөсүндөгү "Ак-Илбирс";
  • "Дордой" базарындагы №6 аймактык милиция бөлүмү;
  • "Бегимай-Дордой" балдар бакчасы;
  • Свердлов райондук коомдук-профилактикалык борбору.

Бишкек мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирип сурап, алдын ала суу камдап алууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0