БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө кирген уурулардан бычак жеген 62 жаштагы киши жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 26-сентябрда 02:50лөр чамасында аталган айылдагы үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.
Милиция үлпөт тоюнда тапанчадан ок чыгарган күйөө баланы Кара-Балтадан тапты
"Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бычак тийген кан тамырлары тигилди. Дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин негизинде 130-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин "Ак-Босого-1", "Ак-Босого-2" суу тосмолорун оңдоо жана шаардык суу түтүктөрү тармагын жазга карата даярдоонун алкагында айрым көчөлөрдө суу токтойт.
"Эртең, 2-мартта, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин Ак-Босого конушунда жана райондогу Сары-Челек, Нурек, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Ошондой эле №81 мектепте, №2 "Алтынай" балдар бакчасында, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №15 милиция пунктунда жана №16 муниципалдык аймагында убактылуу суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Конуш тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.
Шаар бийлиги ичүүчү сууга байланышкан бардык маселелер боюнча 1533 бирдиктүү маалымат борборуна жана мэрияда үзгүлтүксүз иштеп жаткан 1840, 1850 номерлерине кайрылууга болорун айтты. Ал эми көйгөй боюнча сүрөт, видео материалдарды 0554 182-185 WhatsApp номерине салууга болот.
Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.
Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.
Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.
Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.
Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.