Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештен мандат алууну каалаган партиялар жети облус менен эки шаардан 0,7 пайыздык добуш алышы керек.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарынын ичинен Ош облусунда шайлоочулардын саны көп. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.

Мыйзам боюнча шайлоого катышкан жарандардын жалпы санынын жети пайызынан жогору добуш алган партия парламентке келүү укугуна ээ болот. Аны менен катар жети облус менен республикалык маанидеги эки шаардан 0,7 пайыздык босогодон өтүшү керек. Мисалы, Баткен облусунда 100 миң адам шайлоого катышса, кеминде 700 добуш чогултуу шарт.

Шайлдабекова: шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду

Алдыда аймактардагы шайлоочулардын санын тизмектейбиз:

  • Ош облусу — 682 603;
  • Жалал-Абад облусу — 643 774;
  • Чүй облусу — 586 664;
  • Бишкек шаары — 497 692;
  • Баткен облусу — 284 265;
  • Ысык-Көл облусу — 290 769;
  • Ош шаары — 179 972;
  • Нарын облусу — 176 202;
  • Талас облусу — 149 011;
  • Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар — 32 580.

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өскөнүнөн кабар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0