Вице-премьер шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулардын санын айтты

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOЖергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү иш учурунда. Архив
Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Анда депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышат. Шайлоочулардын саны быйыл 3 миллион 523 миң 532ге жетти.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жүрүп жаткан шайлоо кампаниясында эмитен эле 100дөн ашык мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, катталган 104 факты боюнча соттук өндүрүш жүрүп жатат.

Канча партия жеңишке жетет? Шайлоого жооптуу вице-премьердин божомолу

"Анын ичинен 64ү кылмыш, 40ы жорук беп бааланууда", — деди вице-премьер.

Жетекчи кошумчалагандай, ыкчам кызматтар кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0