Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын үй жаныбарлары кутурма илдетине каршы бир ирет эмдөөдөн өткөрүлөт. Бул ооруну үй жандыктарына караганда жапайы жаныбарлар көбүрөөк алып жүрүшөт.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош облусунда жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылып, алар жок кылынды. Бул тууралуу облустук ветеринардык инспекциянын башчысы Орозбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын үй жаныбарлары кутурма илдетине каршы бир ирет эмдөөдөн өткөрүлөт. Бул ооруну үй жандыктарына караганда жапайы жаныбарлар көбүрөөк алып жүрүшөт.

Ибраев билдиргендей, жыл башынан бери Алай районунан бир карышкырдан, бир уйдан, Кара-Суу районунда иттен, жылкыдан, мышыктан, Кара-Кулжа районунан бир уйдан кутурма оорусу аныкталган. Дартка чалдыккан жаныбарлардын баары тең өрттөлүп көмүлүп, оору чыккан аймактарга 60 күн карантин киргизилген.

"Жапайы жаныбарлар короодогу койлорго кол салганда койлорду текшеребиз. Оорунун элементтери аныкталса, кол салган жапайы жаныбарды мергенчилерге аттырып, башын лабораторияда текшерүүдөн өткөрөбүз. Ага чейин эле байкалган белгилери болсо өрттөп, карантин киргизип чектөө коёбуз. Негизи кутурма оорусун жуктурган жаныбар 10 күндө өзү өлүп калат. Малчылар жайлоого чыккан учурларда этият болушу керек", — деди Ибраев.

Кутурма оорусу адамга да жугат. Адистердин айтымында, ал айыкпас дарт, убагында эмдөө жүргүзүү менен кишини аман алып калууга болот. Кооптуу оорунун дагы башка жагдайлары тууралуу билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жарыяланган маекти сунуштайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0