Боронов COVID-19дан сакайбай жаткан ноокаттык медикти Бишкекке алып келүүнү тапшырды

© AFP / MARTIN BERNETTIСитуация в Чили из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Чили из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80 пайызы жабыркаган.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус жуктуруп алып алты айдан бери оор абалда жаткан дарыгер Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жуктургандар азайчудай эмес. COVID боюнча соңку статистика

Белгилей кетсек, Ураимова Ноокат районундагы "Барын" медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенип келген. Ал 2020-жылдын 18-19-мартында COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80 пайызы жабыркаган. Дарыгер ооруканада үч ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

"Боронов бейтапты санитардык авиация аркылуу Бишкекке алып келип, адистештирилген медициналык мекемелердин биринде дарылатуу тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0