Бишкектеги эки конушта 1-октябрь күнү суу болбойт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСуу өчүрүү убагында. Архив
Суу өчүрүү убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Кышка даярдык көрүү үчүн суу түтүктөрү оңдолуп жаткандыктан 1-октябрда Бишкектеги Ынтымак менен Арча-Бешик конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ичүүчү суу эртең мененки саат 9.00дөн кечки саат 18.00гө чейин болбойт. Белгилей кетчү жагдай, Арча-Бешик конушунун биринчи көчөсүнөн жетинчи көчөсүнө чейинки гана бөлүгүндө суу жок болуп, башка жактарында үзгүлтүккө учурабайт.

Кезекке турсаңыз болот! Бишкектин чок ортосуна жаңы бала бакча ачылды. Сүрөт

Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат. Көйгөйлөр боюнча сүрөт, видеолорду 0554 182-185 WhatsApp номерине жөнөтүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0