Мэрия: Маданият министрлигине кайра айып салынды

© пресс-служба мэрии города БишкекНарушение чистоты в парке им. Джакыпова в Бишкеке
Нарушение чистоты в парке им. Джакыпова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси ("Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу") боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекЖарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.
Мэрия: Маданият министрлигине кайра айып салынды - Sputnik Кыргызстан
Жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.

Айып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган. Маалыматка караганда, көпчүлүк жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн. 

© пресс-служба мэрии города БишкекАйып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган.
Мэрия: Маданият министрлигине кайра айып салынды - Sputnik Кыргызстан
Айып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган.
"Санитардык инспекциянын өкүлдөрү жерине барып парктын аймагы чын эле каралбай калганына күбө болушкан. Буга байланыштуу министрликке карата эскертүү берилген. Бирок коомдук жай дагы деле иретке келтирилген жок. Ошондуктан 293-берене боюнча протокол түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия элди таштанды ыргытпоого чакырып, ишканасынын, үйүнүн айланасын таза кармоону суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0