Баткенде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, ээлерине айып салынды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүНачало священного для мусульман месяца Рамадан в странах СНГ
Начало священного для мусульман месяца Рамадан в странах СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпка жыгылган той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, коронавирус менен ооруп тойдо жүргөн кишиге атайын органдар чара көргөн.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Баткен шаарында рейд жүргүзүлүп, үйдө өткөрүлүп жаткан эки той токтотулуп 3000 сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, коронавирус менен ооруп жакшылыкта жүргөн кишиге атайын органдар чара көргөн.

"26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишканага, той өткөргөн турак үйлөргө жана коомдук жайларда рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды. Анын ичинен үйүнө той берген 11 кишиге Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.

Терезени караңгылатып майрамдашкан. Бишкекте бир нече ресторан айыпка жыгылды

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын "Таштемир-Ажы" соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн Жоруктар кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0